Самыкбаев: чет өлкөлүк номерлүү унаалардын көбү эски
Жазылуу
Экономика жана коммерция министрлигинин бажы саясаты башкармалыгынын бөлүм башчысы Айдарбек Самыкбаев Кыргызстанга кирген чет өлкөлүк унааларды легалдаштыруу процесси тууралуу айтты.
Чет өлкөлүк номерлүү унаалардын көбү эскилиги жеткен жана мыйзамдаштырылган эмес. Бул тууралуу Айдарбек Самыкбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Самыкбаев: чет өлкөлүк номерлүү унаалардын көбү эски
Анын айтымында, легалдаштыруу процедурасы үч этапка бөлүнгөн.
"2024-жылдын 31-декабрында чет өлкөлөрдөн ташылып келген жана каттоодо турган автотранспорт каражаттарын легалдаштыруу жарлыгына президент Садыр Жапаров кол койгон. Чет өлкөлүк номерлүү унааларды биздин жарандар пайдаланып жатканы баарына маалым. Бул тармакты легалдаштырып, ачыкка чыгаруу максатында ушул мыйзам иштелип чыгып, кабыл алынды. Учурда президенттин жарлыгын ишке ашыруу үчүн мекеме аралык жумушчу топ түзүлгөн, ал топтун курамында Экономика жана коммерция министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, ТИМдин, Юстиция министрлигинин жана Бажы кызматынын, Салык кызматынын өкүлдөрү кирген. Эң негизгиси, министрлер кабинетинин алдындагы Автотранспорт каражаттарын каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин өкүлдөрү да жумушчу топтун курамына кирген. Легалдаштыруу процедурасы үч этапка бөлүнгөн. Биринчисинде өлкөгө кирген чет мамлекеттин каттоо белгилери бар, ЕАЭБдин аймагына мыйзамдуу жол менен кирген унаалар катталат. Экинчи этапка укук белгилөөчү документтери жок унаалар кирет. Үчүнчү этапта такыр эле документи жок унаалар катталат. Буларга тетиктерге бөлүп сатууга уруксат берип жатабыз", — деди Самыкбаев.
Ал чет өлкөлүк номерлүү унаалардын көбү эскирип, бери дегенде 15 жыл мурун чыкканын кошумчалады.