https://sputnik.kg/20250223/sport-dmitrij-bivol-artur-beterbiev-mushker-meldesh-zhenish-1092233837.html
Бивол реваншта Бетербиевди жеңип, дүйнөнүн абсолюттук чемпиону болду
Бивол реваншта Бетербиевди жеңип, дүйнөнүн абсолюттук чемпиону болду
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. 23-февралга караган түнү Сауд Арабиянын Эр-Рияд шаарында россиялык мушкерлер Артур Бетербиев менен Дмитрий Биволдун реванштык... 23.02.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-02-23T10:52+0600
2025-02-23T10:52+0600
2025-02-23T10:52+0600
дүйнөдө
спорт
дмитрий бивол
артур бетербиев
мушкер
мелдеш
жеңиш
https://sputnik.kg/img/07e8/06/02/1085714141_0:138:3071:1865_1920x0_80_0_0_3c22be2e781cd949b7e34097653c2db2.jpg
БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. 23-февралга караган түнү Сауд Арабиянын Эр-Рияд шаарында россиялык мушкерлер Артур Бетербиев менен Дмитрий Биволдун реванштык мелдеши өттү.Кармаш көпчүлүк калыстардын чечимине ылайык, Биволдун жеңиши менен аяктады.Мушкерлер алгачкы раунддарды "чалгындоо" менен өткөрүштү. Андан кийин Бетербиев капталга, башка бир нече сокку берүүгө үлгүрдү. Анткен менен Бивол жетинчи раунддан баштап катар-катар сокку узатууга өттү. Бетербиев бул учурда коргонууну улантып, ошол эле учурда жооптук соккуларды берип жатты.Жалпысынан мелдеш 12 раундга созулду. Спортчулар күч сынашып бүткөн соң биринчи жолу кол алышып, экөө тең бири-бирин урматтай турганын айтып, кучакташышты.Эске салсак, 13-октябрда Эр-Рияд шаарында өткөн беттеште Артур Бетербиев калыстардын чечими менен Дмитрий Биволду жеңип, жарым оор салмактагы абсолюттук чемпион наамын алган.39 жаштагы Бетербиев профессионалдык бокстагы карьерасында жеңилүү ызасын тартпай, 21 жолу жеңишке жеткен (анын 20сы нокаут менен). Ал эми 33 жаштагы Биволдун эсебинде 23 жеңиш (12си нокаут менен) жана бир жеңилүү бар болчу.
https://sputnik.kg/20241113/kyrgyzstan-zhaparov-bivol-rolls-royce-1090156986.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/06/02/1085714141_119:0:2850:2048_1920x0_80_0_0_eebf4527e4c7d45aff9b4cbf858d74e1.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, спорт, дмитрий бивол, артур бетербиев, мушкер, мелдеш, жеңиш
дүйнөдө, спорт, дмитрий бивол, артур бетербиев, мушкер, мелдеш, жеңиш
БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. 23-февралга караган түнү Сауд Арабиянын Эр-Рияд шаарында россиялык мушкерлер Артур Бетербиев менен Дмитрий Биволдун реванштык мелдеши өттү.
Кармаш көпчүлүк калыстардын чечимине ылайык, Биволдун жеңиши менен аяктады.
Мушкерлер алгачкы раунддарды "чалгындоо" менен өткөрүштү. Андан кийин Бетербиев капталга, башка бир нече сокку берүүгө үлгүрдү. Анткен менен Бивол жетинчи раунддан баштап катар-катар сокку узатууга өттү. Бетербиев бул учурда коргонууну улантып, ошол эле учурда жооптук соккуларды берип жатты.
Жалпысынан мелдеш 12 раундга созулду. Спортчулар күч сынашып бүткөн соң биринчи жолу кол алышып, экөө тең бири-бирин урматтай турганын айтып, кучакташышты.
Эске салсак, 13-октябрда Эр-Рияд шаарында өткөн беттеште Артур Бетербиев калыстардын чечими менен Дмитрий Биволду жеңип, жарым оор салмактагы абсолюттук чемпион наамын алган.
39 жаштагы Бетербиев профессионалдык бокстагы карьерасында жеңилүү ызасын тартпай, 21 жолу жеңишке жеткен (анын 20сы нокаут менен). Ал эми 33 жаштагы Биволдун эсебинде 23 жеңиш (12си нокаут менен) жана бир жеңилүү бар болчу.

13 Жетинин айы 2024, 14:03