https://sputnik.kg/20250224/germaniyada-parlamenttik-shayloo-ayaktady-myndar-arky-kyrdaal-kanday-bolot-1092245571.html
Германияда парламенттик шайлоо өттү, мындан аркы багыт кандай болот. Пикирлер
Германияда парламенттик шайлоо өттү, мындан аркы багыт кандай болот. Пикирлер
Sputnik Кыргызстан
Олаф Шольц башында турган Социал-демократтар партиясы үчүнчү орунда калганы маалым болду. 24.02.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-02-24T10:24+0600
2025-02-24T10:24+0600
2025-02-24T10:24+0600
дүйнөдө
германия
бундестаг
парламенттик шайлоо
божомол
система
фридрих мерц
https://sputnik.kg/img/07e9/02/18/1092243203_0:210:3072:1938_1920x0_80_0_0_704dec23cb1343a2e46d2b599c4d5112.jpg
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Германиядагы парламенттик шайлоодо Христиандык-демократиялык жана Христиандык-социалдык союздардын блоктору добуштардын 26,8 пайызын алып алдыга чыкты. Экинчи орунду оңчул "Германиянын альтернативасы" ээледи. Бул туурасында РИА Новости өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын айткандарына таянып жазды.Ал эми Олаф Шольц башында турган Социал-демократтар партиясы 16,4 добуш менен үчүнчү орунда калганы маалым болду. Башка күчтөр: "Жашылдар" — 11,6, "Солчулдар" 8,8 пайыз добуш алышкан.Эске салсак, Бундестагга мөөнөтүнөн мурда шайлоо кечээ өттү. Бул процесстин эми Германиянын мындан аркы социалдык жана саясий турмушуна кандай таасир берери боюнча ар кыл пикирлер айтылууда.Россиялык сенатор Алексей Пушков бул процесстин жыйынтыгынан кийин деле Германиянын экономикасынын төмөндөөсү улана берет, мигранттар көйгөйү чечилбейт деп божомолдоп, ал эми Германияны кургуйга сүйрөгөн саясатчылар үчүн добуш берген шайлоочулар көйгөйлөрдү дагы деле жакшыраак сезбей жатышканын айткан. Сенатор мындан улам өлкөдөгү абал дагы начарлашы мүмкүн экенин белгилеген.Федерация кеңешинин вице-спикери Константин Косачев жаңы келген күчтөрдөн, тагыраагы, шайлоодо лидер болгон блоктун Германияга канцлер болуучу талапкери Фридрих Мерцтен Россияга мамилеси өзгөрөт деп күтүүнүн кереги жоктугун айткан.Ал суктандырган, таң калтырган өзгөрүүлөр деле болбостугун төмөнкүчө кошумчалаган."Биз үчүн маанилүү болгон нерсе — Россия жана Украина боюнча көп өзгөрүүлөрдү күтүштүн кереги жок. Мерц коомчулук көзүнчө катуу позицияда турам деген ой калтырып "таурустарды" (Taurus канаттуу ракеталары — ред.) берем деген, бирок канцлер болгон Мерц талапкер болгон Мерцтен айырмаланып, жалпы европалык позицияга карай түздөнөт", — деген вице-спикер.
https://sputnik.kg/20250112/kanclerge-talapker-vajdel-tunduk-agym-ubada-1091367557.html
германия
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/02/18/1092243203_222:0:2953:2048_1920x0_80_0_0_d4061443ef753a5d324ec9f2d49d82b5.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, германия, бундестаг, парламенттик шайлоо, божомол, система, фридрих мерц
дүйнөдө, германия, бундестаг, парламенттик шайлоо, божомол, система, фридрих мерц
Германияда парламенттик шайлоо өттү, мындан аркы багыт кандай болот. Пикирлер
Олаф Шольц башында турган Социал-демократтар партиясы үчүнчү орунда калганы маалым болду.
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Германиядагы парламенттик шайлоодо Христиандык-демократиялык жана Христиандык-социалдык союздардын блоктору добуштардын 26,8 пайызын алып алдыга чыкты. Экинчи орунду оңчул "Германиянын альтернативасы" ээледи. Бул туурасында
РИА Новости өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын айткандарына таянып жазды.
Ал эми Олаф Шольц башында турган Социал-демократтар партиясы 16,4 добуш менен үчүнчү орунда калганы маалым болду. Башка күчтөр: "Жашылдар" — 11,6, "Солчулдар" 8,8 пайыз добуш алышкан.
Эске салсак, Бундестагга мөөнөтүнөн мурда шайлоо кечээ өттү. Бул процесстин эми Германиянын мындан аркы социалдык жана саясий турмушуна кандай таасир берери боюнча ар кыл пикирлер айтылууда.
Россиялык сенатор Алексей Пушков бул процесстин жыйынтыгынан кийин деле Германиянын экономикасынын төмөндөөсү улана берет, мигранттар көйгөйү чечилбейт деп божомолдоп, ал эми Германияны кургуйга сүйрөгөн саясатчылар үчүн добуш берген шайлоочулар көйгөйлөрдү дагы деле жакшыраак сезбей жатышканын айткан. Сенатор мындан улам өлкөдөгү абал дагы начарлашы мүмкүн экенин белгилеген.
Федерация кеңешинин вице-спикери Константин Косачев жаңы келген күчтөрдөн, тагыраагы, шайлоодо лидер болгон блоктун Германияга канцлер болуучу талапкери Фридрих Мерцтен Россияга мамилеси өзгөрөт деп күтүүнүн
кереги жоктугун айткан.
"Германияда мөөнөтүнөн мурда шайлоого алып келген себептердин жоюлушу күмөн. Мындай алып караганда, система бийликти бир чөнтөктөн алып, экинчисине салды. Себеби социал-демократтар да, христиан-демократтар да мурдагы, ХХ кылымдагы солчул же оңчул партиялардан эмес. Алар көз караштары окшош болгону менен эки системадагы либералдуу саясий күчтөр бойдон кала беришкен. Бирок максаттары бир. Коомчулук, эл талап кылса дагы башкарууда олуттуу өзгөрүүлөргө жол беришпейт", — деген Косачев.
Ал суктандырган, таң калтырган өзгөрүүлөр деле болбостугун төмөнкүчө кошумчалаган.
"Биз үчүн маанилүү болгон нерсе — Россия жана Украина боюнча көп өзгөрүүлөрдү күтүштүн кереги жок. Мерц коомчулук көзүнчө катуу позицияда турам деген ой калтырып "таурустарды" (Taurus канаттуу ракеталары — ред.) берем деген, бирок канцлер болгон Мерц талапкер болгон Мерцтен айырмаланып, жалпы европалык позицияга карай түздөнөт", — деген вице-спикер.