Туташбаев: орозону себепсиз кармабай коюуга болбойт
Жазылуу
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын ажылык-умра бөлүмүнүн адиси Абдулазиз ажы Туташбаев орозодо такыбалыкка ээ болууну максат кылуу керектигин айтты.
Орозо араб тилинде "саум" деп айтылып, мааниси тыйылуу, кандайдыр бир ишти жасабоо дегенди түшүндүрөт. Диний термин катары эрте таңдан тартып, күндүн батканына чейин ибадат ниет менен жеп-ичүү жана жыныстык катнаш өңдүү нерселерден тыйылуу экенин Абдулазиз ажы Туташбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Туташбаев: орозону себепсиз кармабай коюуга болбойт
Анын айтымында, жеп-ичүүдөн оолак болуу менен гана орозо болбойт. Ушак сөздөн, бирөөнү жамандоодон, арам оокаттан, башкаларды капа кылуудан арылуу керек.
"Орозо айында адам руханий азык алуу менен ички дүйнөсүн агартып, тазартат. Өзгөрүүнү талап кылган бул айда бейиштин эшиктери ачылып, тозоктун эшиктери жабылат. Алла Таала өзгөрө ала тургандар үчүн орозону парз кылуу менен мүмкүнчүлүк берип жатат. Ошондуктан Орозо айына материалдык жактан эмес, моралдык жактан даярданыш керек. Тамак-ашты камдоодон мурда такыбалыкка ээ болууну максат кылуу абзел. Такыбалык — жакшы касиеттердин (мээримлүүлүк, убаданы аткаруу, чынчылдык, адилеттүүлүк, жоомарттык, берешендик) жыйындысы. Аны менен пенде күмөнсүз толук ишенүү даражасына көтөрүлөт, жүрөктөр жана жандар азыктанып күч-кубатына келет. Орозо айында орозо кармоо менен бирге Куран китебин окуган жакшы. Мындан тышкары, таарынычты токтотуп, бири-бирин кечиришип, карызы болсо берип, көбүрөөк садага кылуу керек. Ал эми ооз бекиткенде жана ачканда мурунку эле жеп-ичип жүргөн азыктар менен тамактанган дурус. Ар кимдин шарты ар түрдүү болгондуктан бир тамакты сунуштоо туура эмес. Рамазан айында балакатка жеткен жана акыл-эси жайында болгон ар бир мусулманга орозо кармоо парз. Себепсиз орозону кармабай коюуга болбойт" , — деди Туташбаев.
Ал ошондой эле улгайган адамдар орозо кармабаса ооз ачтырууга милдеттүү экенин кошумчалады.