https://sputnik.kg/20250226/lavrov-irandyn-prezidenti-zhana-tim-bashchysy-menen-zholuktu-1092300037.html
Лавров Ирандын президенти жана ТИМ башчысы менен жолукту
Лавров Ирандын президенти жана ТИМ башчысы менен жолукту
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. РФтин тышкы иштер министри Сергей Лавров Тегеран сапарында аталган өлкөнүн президенти Масуд Пезешкиан менен жолукканын РИА Новости... 26.02.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-02-26T10:43+0600
2025-02-26T10:43+0600
2025-02-26T16:13+0600
дүйнөдө
россия
иран
сергей лавров
масуд пезешкиан
сапар
аббас аракчи
https://sputnik.kg/img/07e9/02/1a/1092300156_0:0:2958:1665_1920x0_80_0_0_2c26ec3f9f90948ae9440ea69137ab86.jpg
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. РФтин тышкы иштер министри Сергей Лавров Тегеран сапарында аталган өлкөнүн президенти Масуд Пезешкиан менен жолукканын РИА Новости кабарлады.Кездешүүдө ал Пезешкианга РФ президенти Владимир Путиндин саламын айтып, январда кол коюлган стратегиялык өнөктөштүк боюнча комплекстүү келишим ишке аша баштагандыгын белгиледи.Ага чейин министр кесиптеши, Ирандын ТИМ башчысы Аббас Аракчи менен жолугуп, Ирандын өзөктүк куралынын айланасындагы маселени жөнгө салуу, Украина, Сирия темасын жана өз ара кызматташуунун суроолорун талкуулаган.Россиянын экспорттук насыясы Түндүк — Түштүк эл аралык транспорттук коридордун алкагында Ирандагы Решт-Астара жолунун салынышына берилерин айткан. Ал Иран тарап бул темир жол курулушунун алдында зарыл болгон тиешелүү чараларды көрүшү керектигин кошумчалаган. Сирия темасына кайрылып, Россия менен Иран Сириядагы абалды турукташтырууга багыт алган бүткүл элдик конгресстин жыйынтыгын күтүп жатканын айтты.Лавров кесиптешине Украина маселеси боюнча АКШ менен болгон байланыштарга берилген баа туурасында айтып берген."Украина жана анын айланасындагы кырдаал боюнча сүйлөштүк. Ирандык кесиптештериме бул кризистин баштапкы себептерин жана Россиянын бул маселеге байланыштуу позициясын түшүнүүгө негизделген салмактуу мамилеси үчүн ыраазылык билдирдим. Мындай позиция биринчи кезекте биздин коопсуздугубузду ишенимдүү камсыз кылуу жана 2014-жылдагы мамлекеттик төңкөрүштүн натыйжасында бийликке келген режим тарабынан террорчулар деп жарыяланган адамдардын мыйзамдуу укуктарын коргоо жаатындагы РФтин тынчсызданууларын түшүнүүгө негизделген. Аларга америкалык кесиптештер менен ушул маселеде кандай сүйлөшкөнүбүздү жана ага берген баабызды да айтып бердим", — деди Лавров жолугушуунун жыйынтыгы туурасында кеп кылып жатканда.
https://sputnik.kg/20250225/lavrov-ukraina-buu-dobush-rezolyutsiya-1092295317.html
иран
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/02/1a/1092300156_76:0:2807:2048_1920x0_80_0_0_86ed27f0ee35e08a7323227cabf66873.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, иран, сергей лавров, масуд пезешкиан, сапар, аббас аракчи
дүйнөдө, россия, иран, сергей лавров, масуд пезешкиан, сапар, аббас аракчи
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. РФтин тышкы иштер министри Сергей Лавров Тегеран сапарында аталган өлкөнүн президенти Масуд Пезешкиан менен жолукканын
РИА Новости кабарлады.
Кездешүүдө ал Пезешкианга РФ президенти Владимир Путиндин саламын айтып, январда кол коюлган стратегиялык өнөктөштүк боюнча комплекстүү келишим ишке аша баштагандыгын белгиледи.
Ага чейин министр кесиптеши, Ирандын ТИМ башчысы Аббас Аракчи менен жолугуп, Ирандын өзөктүк куралынын айланасындагы маселени жөнгө салуу, Украина, Сирия темасын жана өз ара кызматташуунун суроолорун талкуулаган.
Россиянын экспорттук насыясы Түндүк — Түштүк эл аралык транспорттук коридордун алкагында Ирандагы Решт-Астара жолунун
салынышына берилерин айткан. Ал Иран тарап бул темир жол курулушунун алдында зарыл болгон тиешелүү чараларды көрүшү керектигин кошумчалаган. Сирия темасына кайрылып, Россия менен Иран Сириядагы абалды турукташтырууга багыт алган бүткүл элдик конгресстин жыйынтыгын күтүп жатканын айтты.
"Кырдаалдын тынчышы, Сирия элинин тагдыры биз үчүн өтө маанилүү. Коңшу мамлекеттердин элине коркунуч жаратпашы үчүн колдон келгендин баарын жасайбыз", — деген министр.
Лавров кесиптешине Украина маселеси боюнча АКШ менен болгон байланыштарга берилген баа туурасында айтып берген.
"Украина жана анын айланасындагы кырдаал боюнча сүйлөштүк. Ирандык кесиптештериме бул кризистин баштапкы себептерин жана Россиянын бул маселеге байланыштуу позициясын түшүнүүгө негизделген салмактуу мамилеси үчүн ыраазылык билдирдим. Мындай позиция биринчи кезекте биздин коопсуздугубузду ишенимдүү камсыз кылуу жана 2014-жылдагы мамлекеттик төңкөрүштүн натыйжасында бийликке келген режим тарабынан террорчулар деп жарыяланган адамдардын мыйзамдуу укуктарын коргоо жаатындагы РФтин тынчсызданууларын түшүнүүгө негизделген. Аларга америкалык кесиптештер менен ушул маселеде кандай сүйлөшкөнүбүздү жана ага берген баабызды да айтып бердим", — деди Лавров жолугушуунун жыйынтыгы туурасында кеп кылып жатканда.