https://sputnik.kg/20250303/almaz-baketayev-ekonomika-tyshky-karyz-1092398342.html
Финансы министри: тышкы карызды алдын ала төлөй алабыз, бирок зыянга учурайбыз
Финансы министри: тышкы карызды алдын ала төлөй алабыз, бирок зыянга учурайбыз
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. 2025-жылы мамлекеттик карызды төлөөгө 78,6 миллиард сом жумшалат. Бул тууралуу финансы министри Алмаз Бакетаевдин "Ала-Тоо 24"... 03.03.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-03-03T10:04+0600
2025-03-03T10:04+0600
2025-03-03T10:04+0600
кыргызстан
алмаз бакетаев
экономика
тышкы карыз
бюджет
https://sputnik.kg/img/07e9/03/03/1092398483_0:0:3179:1788_1920x0_80_0_0_24a54767b551fdb460194e24c37d1e3b.jpg
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. 2025-жылы мамлекеттик карызды төлөөгө 78,6 миллиард сом жумшалат. Бул тууралуу финансы министри Алмаз Бакетаевдин "Ала-Тоо 24" каналына берген маегинде айтылган.Маалыматка ылайык, 2024-жылдын 31-декабрына карата өлкөнүн жалпы карызы 6,5 миллиард доллар болсо, анын ичинен 4,5 миллиард доллар сырткы, калганы ички карыз.Бийлик мамлекеттик карызды төмөнкүдөй динамикада төлөөнү пландаган:Ошондой эле маалыматта 2035-жылга чейин негизги тышкы карыз график менен төлөнүп бүтөрү кошумчаланды.
https://sputnik.kg/20250220/sadyr-zhaparov-tyshky-karyz-tuuraluu-1092187027.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/03/03/1092398483_0:0:2729:2047_1920x0_80_0_0_6dfa62696c6619af7ec116f1a1ae349c.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, алмаз бакетаев, экономика, тышкы карыз, бюджет
кыргызстан, алмаз бакетаев, экономика, тышкы карыз, бюджет
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. 2025-жылы мамлекеттик карызды төлөөгө 78,6 миллиард сом жумшалат. Бул тууралуу финансы министри Алмаз Бакетаевдин "Ала-Тоо 24" каналына берген маегинде айтылган.
Маалыматка ылайык, 2024-жылдын 31-декабрына карата өлкөнүн жалпы карызы 6,5 миллиард доллар болсо, анын ичинен 4,5 миллиард доллар сырткы, калганы ички карыз.
"Үч жылдан бери бюджет профицит менен жабылууда. Алдын ала карызды төлөөгө бардык мүмкүнчүлүк бар. Бирок Кытай банкынын келишиминде талапты бузуп эртерээк төлөсөк, анда суммага 1 пайыз кошуп, айыбы менен төлөшүбүз керек. ЕАӨБдүн дагы ушундай талабы бар", — деген Бакетаев.
Бийлик мамлекеттик карызды төмөнкүдөй динамикада төлөөнү пландаган:
2024-жыл — 59,9 миллиард сом;
2025-жыл — 78,6 миллиард сом;
2026-жыл — 91,9 миллиард сом;
2027-жыл — 110 миллиард сом.
Ошондой эле маалыматта 2035-жылга чейин негизги тышкы карыз график менен төлөнүп бүтөрү кошумчаланды.