https://sputnik.kg/20250307/siriyada-koopsuzduk-kuchtoru-menen-asaddyn-taraptashtary-kagylyshty-1092495824.html
Сирияда коопсуздук күчтөрү менен Асаддын тарапташтары кагылышты. Видео
Сирияда коопсуздук күчтөрү менен Асаддын тарапташтары кагылышты. Видео
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Сириянын мурунку президенти Башар Асаддын тарапташтары Латакия провинциясындагы Жебла районунда жаңы бийликтин Коопсуздук кызматына... 07.03.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-03-07T11:23+0600
2025-03-07T11:23+0600
2025-03-07T11:23+0600
дүйнөдө
сирия
башар асад
бийлик
кагылышуу
кол салуу
видео
https://sputnik.kg/img/07e9/03/07/1092492770_0:320:3072:2048_1920x0_80_0_0_9b55b6b45dd3188a9b9033fd9fcf0b6c.jpg
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Сириянын мурунку президенти Башар Асаддын тарапташтары Латакия провинциясындагы Жебла районунда жаңы бийликтин Коопсуздук кызматына кол салганын РИА Новости кабарлады.ЖМКлардын тараткан маалыматына ылайык, армия Жеблага кол салгандарга каршы туруп, тартип орнотуу үчүн кошумча күч жиберген. Соңку кабарлар боюнча, чабуулдун натыйжасында күч түзүмдөрүнүн 16 кызматкери набыт болду. Латакияда коменданттык саат жарыяланган. Полиция башкармалыгына жасалган чабуулдун мизи кайтарылганы айтылды.Операция учурунда Сириянын Чалгын кызматынын мурунку жетекчиси Ибрагим Хувейжа өлтүрүлгөн. Аны Хафез Асаддын тушунда жүздөгөн кишинин өлүмүнө айыптап келишкени маалым.Кырдаалдын курчушунан улам жергиликтүү бийлик коңшу Тартус менен Хомс шаарында да коменданттык саат жарыяланганын айтышты.Куралданган отряддар менен жаңы бийликтин коопсуздук күчтөрүнүн кандуу кагылышуусу өлкөнүн түштүгүндөгү Деръа провинциясында да болду. Ошол эле учурда коңшу Сувейда провинциясында активисттер көчөгө чыгып, бийликтин алмашуусун талап кылышкан.Эскерте кетсек, декабрдын башында ошол учурдагы президенти Башар Асаддын өкмөтүнө оппозицияда жүргөн тараптар Дамаскиге кирип келип, бийликти тартып алышкан. Асад Сириядан чыгып кетип, Россиядан саясий баш паанек алган болчу.
https://sputnik.kg/20250204/batysh-rossiya-kytaj-zhana-irandy-siriyadan-alystatmakchy-lavrov-1091849621.html
сирия
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/03/07/1092492770_0:0:2731:2048_1920x0_80_0_0_213635b9b46984ac5c693cce5e658e14.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, сирия, башар асад, бийлик, кагылышуу, кол салуу, видео
дүйнөдө, сирия, башар асад, бийлик, кагылышуу, кол салуу, видео
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Сириянын мурунку президенти Башар Асаддын тарапташтары Латакия провинциясындагы Жебла районунда жаңы бийликтин Коопсуздук кызматына кол салганын
РИА Новости кабарлады.
"Асаддын куралданган тарапташтарынын ар кайсы жерде бир убакта жасалган чабуулуна туш болгон Коопсуздук кызматына куралдуу күчтөр жардам берет", — деп айтылат маалыматта.
ЖМКлардын тараткан маалыматына ылайык, армия Жеблага кол салгандарга каршы туруп, тартип орнотуу үчүн кошумча күч жиберген. Соңку кабарлар боюнча, чабуулдун натыйжасында күч түзүмдөрүнүн 16 кызматкери набыт болду. Латакияда коменданттык саат жарыяланган. Полиция башкармалыгына жасалган чабуулдун мизи кайтарылганы айтылды.
Операция учурунда Сириянын Чалгын кызматынын мурунку жетекчиси Ибрагим Хувейжа өлтүрүлгөн. Аны Хафез Асаддын тушунда жүздөгөн кишинин өлүмүнө айыптап келишкени маалым.
Кырдаалдын курчушунан улам жергиликтүү бийлик коңшу Тартус менен Хомс шаарында да коменданттык саат жарыяланганын айтышты.
Куралданган отряддар менен жаңы бийликтин коопсуздук күчтөрүнүн кандуу кагылышуусу өлкөнүн түштүгүндөгү Деръа провинциясында да болду. Ошол эле учурда коңшу Сувейда провинциясында активисттер көчөгө чыгып, бийликтин алмашуусун талап кылышкан.
Эскерте кетсек, декабрдын башында ошол учурдагы президенти Башар Асаддын өкмөтүнө оппозицияда жүргөн тараптар Дамаскиге кирип келип, бийликти тартып алышкан. Асад Сириядан чыгып кетип, Россиядан саясий баш паанек алган болчу.