https://sputnik.kg/20250310/kanadaga-zhany-premer-ministr-shajlandy-1092536440.html
Жастин Трюдо отставкага кетип, Канадага жаңы премьер-министр шайланды
Жастин Трюдо отставкага кетип, Канадага жаңы премьер-министр шайланды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Жастин Трюдонун отставкасынан кийин Канаданын Борбордук банкынын мурунку жетекчиси Марк Карни бийликтеги либералдар партиясынын жаңы... 10.03.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-03-10T10:03+0600
2025-03-10T10:03+0600
2025-03-10T10:03+0600
дүйнөдө
канада
жастин трюдо
премьер-министр
кызмат
марк карни
https://sputnik.kg/img/07e9/03/0a/1092536081_0:0:3072:1728_1920x0_80_0_0_260561b06009fa625879f9994335d98b.jpg
БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Жастин Трюдонун отставкасынан кийин Канаданын Борбордук банкынын мурунку жетекчиси Марк Карни бийликтеги либералдар партиясынын жаңы лидери болуп шайланып, өлкөнүн премьер-министри болду. Бул тууралуу партиянын жазганына таянып РИА Новости кабарлады.Жаңы өкмөт башчы дароо билдирүү жасап, Канада эч убакта АКШнын бир бөлүгү болуп калбай турганын айткан.Карни 2008-жылкы финансылык кризистен өлкө экономикасын сактап кала алган кесипкөй экономист болуп саналат. Бул эмгегинин аркасы менен Англия банкын жетектөөгө чакырылып, Улуу Британиянын банкын жетектеген биринчи чет элдик болуп калган. 2020-жылы климаттын өзгөрүшү жана финансыга байланышкан маселелер боюнча БУУнун атайын өкүлү болуп дайындалган эле.Трюдо администрациясынын миграция жана жогорку инфляция боюнча жүргүзгөн саясатынан улам премьер-министрликтен кетерин айткан. Саясатчы аталган кызматта 10 жыл иштеди.
https://sputnik.kg/20250210/tramp-kanadaga-tiyishkenin-ulantuuda-1091956212.html
канада
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/03/0a/1092536081_0:0:2732:2048_1920x0_80_0_0_34f159b48feed6e3727b531a4e707dea.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, канада, жастин трюдо, премьер-министр, кызмат, марк карни
дүйнөдө, канада, жастин трюдо, премьер-министр, кызмат, марк карни
Жастин Трюдо отставкага кетип, Канадага жаңы премьер-министр шайланды
БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Жастин Трюдонун отставкасынан кийин Канаданын Борбордук банкынын мурунку жетекчиси Марк Карни бийликтеги либералдар партиясынын жаңы лидери болуп шайланып, өлкөнүн премьер-министри болду. Бул тууралуу партиянын жазганына таянып
РИА Новости кабарлады.
Жаңы өкмөт башчы дароо билдирүү жасап, Канада эч убакта АКШнын бир бөлүгү болуп калбай турганын айткан.
Карни 2008-жылкы финансылык кризистен өлкө экономикасын сактап кала алган кесипкөй экономист болуп саналат. Бул эмгегинин аркасы менен Англия банкын жетектөөгө чакырылып, Улуу Британиянын банкын жетектеген биринчи чет элдик болуп калган. 2020-жылы климаттын өзгөрүшү жана финансыга байланышкан маселелер боюнча БУУнун атайын өкүлү болуп дайындалган эле.
Трюдо администрациясынын миграция жана жогорку инфляция боюнча жүргүзгөн саясатынан улам премьер-министрликтен кетерин айткан. Саясатчы аталган кызматта 10 жыл иштеди.