https://sputnik.kg/20250318/kyrgyzstan-bishkek-zhol-ondoo-tender-1092704560.html
Бишкекте төрт көпүрө кеңейтилип, айрымдары курулат. Тизме
Бишкекте төрт көпүрө кеңейтилип, айрымдары курулат. Тизме
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Бишкекте төрт көпүрө кеңейтилип, айрымдары курулат. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында кабарланды. 18.03.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-03-18T10:46+0600
2025-03-18T10:46+0600
2025-03-18T10:47+0600
кыргызстан
бишкек
тендер
көпүрө
жол оңдоо
https://sputnik.kg/img/07e7/06/06/1075994083_0:275:3151:2047_1920x0_80_0_0_7194773baac366faa712ebeac5906fd5.jpg
БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Бишкекте төрт көпүрө кеңейтилип, айрымдары курулат. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында кабарланды.Бишкек мэриясы жети объектинин курулушуна долбоордук-изилдөө иштерин аткаруу боюнча тендер жарыялаган. Ага ылайык, Жаманбаев көчөсүнөн Горький көчөсүнө чейинки Айтматов проспектинин бир бөлүгү оңдолуп, Ала-Арча дарыясы аркылуу өткөн көпүрө кеңейтилет. Буга 2,4 миллион сом сарптоо пландалууда.Ошондой эле Кара-Дарыя көчөсүнүн Медеровдон Ахунбаевге чейинки бөлүгү реконструкцияланып, Чыгыш Чоң Чүй каналына көпүрө курулат. Бул үчүн 2,7 миллион сом коротулмакчы.Валиханов көчөсүнүн Анкарадан Сухэ-Баторго чейинки бөлүгү Чыгыш Чоң Чүй каналына көпүрө куруу менен оңдолот. Анын баасы – 3,3 миллион сом.Мындан тышкары, Достоевский көчөсүн Ахунбаевден Куланакка чейин оңдоо мерчемделген. Ага 928 миң сом каралууда. Безымянный көчөсү Түштүк Чоң Чүй каналын бойлой Токомбаевден Байтик баатыр көчөсүнө чейин оңдолот. Буга 2,8 миллион сом каралган.Жалпы 14,4 миллион сом коротуу пландалган. Тапшырыктар 26-мартка чейин кабыл алынат.
https://sputnik.kg/20250304/kyrgyzstan-bishkek-kurulush-tender-1092428913.html
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/06/06/1075994083_117:0:2846:2047_1920x0_80_0_0_9889d257d44801ed7c2b70ccba8063e5.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, бишкек, тендер, көпүрө, жол оңдоо
кыргызстан, бишкек, тендер, көпүрө, жол оңдоо
БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Бишкекте төрт көпүрө кеңейтилип, айрымдары курулат. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында кабарланды.
Бишкек мэриясы жети объектинин курулушуна долбоордук-изилдөө иштерин аткаруу боюнча тендер жарыялаган. Ага ылайык, Жаманбаев көчөсүнөн Горький көчөсүнө чейинки Айтматов проспектинин бир бөлүгү оңдолуп, Ала-Арча дарыясы аркылуу өткөн көпүрө кеңейтилет. Буга 2,4 миллион сом сарптоо пландалууда.
Ошондой эле Кара-Дарыя көчөсүнүн Медеровдон Ахунбаевге чейинки бөлүгү реконструкцияланып, Чыгыш Чоң Чүй каналына көпүрө курулат. Бул үчүн 2,7 миллион сом коротулмакчы.
Валиханов көчөсүнүн Анкарадан Сухэ-Баторго чейинки бөлүгү Чыгыш Чоң Чүй каналына көпүрө куруу менен оңдолот. Анын баасы – 3,3 миллион сом.
Мындан тышкары, Достоевский көчөсүн Ахунбаевден Куланакка чейин оңдоо мерчемделген. Ага 928 миң сом каралууда. Безымянный көчөсү Түштүк Чоң Чүй каналын бойлой Токомбаевден Байтик баатыр көчөсүнө чейин оңдолот. Буга 2,8 миллион сом каралган.
Жалпы 14,4 миллион сом коротуу пландалган. Тапшырыктар 26-мартка чейин кабыл алынат.