https://sputnik.kg/20250320/iskhak-masaliyev-tarykhiy-muras-madaniyat-1092760357.html
Эл өкүлү тарыхый объектилер боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады
Эл өкүлү тарыхый объектилер боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Исхак Масалиев тарыхый-маданий мурас объектилери боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады. 20.03.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-03-20T12:07+0600
2025-03-20T12:07+0600
2025-03-20T12:14+0600
кыргызстан
исхак масалиев
тарых
мурас
маданият
https://sputnik.kg/img/104217/69/1042176966_0:0:1920:1080_1920x0_80_0_0_0f8b53fd5d08db4bd90ed038254d2b94.jpg
БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Исхак Масалиев тарыхый-маданий мурас объектилери боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады.Эл өкүлү Конституциянын 15-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, тарыхый-маданий мурастардын эстеликтери, архитектуралык, археологиялык объектилер жана табылгалар мамлекеттин менчиги болуп саналарын жана мыйзам тарабынан өзгөчө корголорун эске салды.Депутат президенттин иш башкармалыгы дагы бир катар объектилерди тизмеден чыгарууну демилгелегенин айтты. Анын ичинде мурдагы Өкмөт үйү жана Жогорку соттун имараты бар.“Дүйнөдө ушундай имараттар корголот... Рейхстагды, Вашингтондогу Ак үйдү, Москвадагы Кремлди инвесторго берүү ойго келбейт. Бизде боло берет экен да. Ошондуктан депутаттык комиссия түзүп, маселе боюнча бир жыйынтыкка келели. Акыры өзгөрө элек гимнибизде “Бизге жеткен ата салтын мурасын, ыйык сактап урпактарга берели” деп жазылган го. Бизде болсо таш да калтырбайлы дегендей аракет болуп жаткансыйт”, — деди Масалиев.Эске салсак, буга чейин Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги тарыхый-маданий мурас деп эсептелген объектилерди 49 жылга чейин ижарага берүүнү сунуштаган.
https://sputnik.kg/20241213/madaniy-murastar-investor-1090789640.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104217/69/1042176966_240:0:1680:1080_1920x0_80_0_0_20e65246327469a9f576f9b5a65b3afb.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, исхак масалиев, тарых, мурас, маданият
кыргызстан, исхак масалиев, тарых, мурас, маданият
БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Исхак Масалиев тарыхый-маданий мурас объектилери боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады.
Эл өкүлү Конституциянын 15-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, тарыхый-маданий мурастардын эстеликтери, архитектуралык, археологиялык объектилер жана табылгалар мамлекеттин менчиги болуп саналарын жана мыйзам тарабынан өзгөчө корголорун эске салды.
“Тарыхый-маданий мурас объектилери боюнча өкмөттүн тизмеси бекиген. Анда 583 тарыхый объект жазылган. Учурда булар талкаланууда. Тактап айтканда, тизмеден бир-бирден чыгарылып жок кылынууда. “Ала-Тоо” кинотеатрынын маңдайындагы типография жок, "Ысык-Көл" мейманканасы, Панфилов дивизиясынын музейи, ВДНХ, Батыш жана Чыгыш автобекеттери, "Аккула" ипподрому талкаланды”, — деди эл өкүлү.
Депутат президенттин иш башкармалыгы дагы бир катар объектилерди тизмеден чыгарууну демилгелегенин айтты. Анын ичинде мурдагы Өкмөт үйү жана Жогорку соттун имараты бар.
“Дүйнөдө ушундай имараттар корголот... Рейхстагды, Вашингтондогу Ак үйдү, Москвадагы Кремлди инвесторго берүү ойго келбейт. Бизде боло берет экен да. Ошондуктан депутаттык комиссия түзүп, маселе боюнча бир жыйынтыкка келели. Акыры өзгөрө элек гимнибизде “Бизге жеткен ата салтын мурасын, ыйык сактап урпактарга берели” деп жазылган го. Бизде болсо таш да калтырбайлы дегендей аракет болуп жаткансыйт”, — деди Масалиев.
Эске салсак, буга чейин Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги тарыхый-маданий мурас деп эсептелген объектилерди 49 жылга чейин
ижарага берүүнү сунуштаган.

13 Бештин айы 2024, 09:43