КРСУнун демилгеси менен Панфиловдун эстелиги калыбына келтириле баштады
© Фото / пресс-служба КРСУКРСУнун демилгеси менен Панфиловдун эстелиги калыбына келтириле баштады

© Фото / пресс-служба КРСУ
Жазылуу
БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. СССРдин баатыры Иван Панфиловдун эстелигин калыбына келтирүү иштери башталды. Бул тууралуу КРСУдан билдиришти.
Эске салсак, баатырдын Панфилов айылындагы эстелигин калыбына келтирүү демилгесин окуу жайдын ректорунун милдетин аткаруучу Сергей Волков көтөргөн.
Анын айтымында, Россиянын Свердловск облусундагы болот эритүүчү завод монументти калыбына келтирүү милдетин алган. Ошондой эле Жогорку Кеңештин вице-спикери Нурланбек Азыгалиев да демилгени колдогон.
© Фото / пресс-служба КРСУ
СССРдин баатыры Иван Панфиловдун эстелигин калыбына келтирүү иштери башталды

1/2
© Фото / пресс-служба КРСУ
СССРдин баатыры Иван Панфиловдун эстелигин калыбына келтирүү иштери башталды
© Фото / пресс-служба КРСУ
КРСУдан билдиришкендей, стеланын айланасын жергиликтүү бийлик калыбына келтирет

2/2

"Бул жөн гана монумент эмес, тарыхыбыздын бир бөлүгү. Мындай эстеликтер сакталып, жаш муунга ата-бабаларынын эрдигин эске салып турушу керек. Бул долбоорду тез арада ишке ашыруу үчүн бардык аракеттерди жасайбыз", — деди вице-спикер.
КРСУдан билдиришкендей, стеланын айланасын жергиликтүү бийлик калыбына келтирет.