https://sputnik.kg/20250326/arkheologiya-azamat-kadyraliyev-tarykh-1092887731.html
Курулуш жүргүзүү алдындагы милдеттүү археологиялык изилдөөдөн баш тартуу каралууда
Курулуш жүргүзүү алдындагы милдеттүү археологиялык изилдөөдөн баш тартуу каралууда
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Курулуш жүргүзөр алдында алдында жасалчу археологиялык изилдөөлөрдү жокко чыгаруу сунушталууда. Бул тууралуу президенттик... 26.03.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-03-26T10:39+0600
2025-03-26T10:39+0600
2025-03-26T10:39+0600
кыргызстан
археология
азамат кадыралиев
тарых
https://sputnik.kg/img/07e8/0a/12/1089566057_0:160:3072:1888_1920x0_80_0_0_fedd195b2bfe8998c407d925e9b3497a.jpg
БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Курулуш жүргүзөр алдында алдында жасалчу археологиялык изилдөөлөрдү жокко чыгаруу сунушталууда. Бул тууралуу президенттик администрациянын жетекчисинин орун басары Азамат Кадыралиев билдирди.Анын айтымында, мындай чечим мамлекеттик кызматты бюрократиядан арылтуу боюнча атайын комиссияга киргизилет. Кадыралиев өлкөдө болгону 14 археолог бар экенин айтып, алар курулуш алдында казуу иштерин жүргүзбөй турганын белгиледи.Мындан улам археологиялык табылга болушу мүмкүн болгон жерлердин тизмеси түзүлүп, ошол жерге гана Маданият министрлигинен уруксат алуу каралууда. Ал эми калган жерлерге археологиялык изилдөө жүргүзбөй эле курулуш башталып, эгерде кандайдыр тарыхый табылга кездешсе гана иш токтотулуп, окумуштууларга изилдөөгө берүү мерчемделүүдө.
https://sputnik.kg/20250325/ayaz-bayetov-yustitsiya-byurokratiya-meditsina-1092867485.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0a/12/1089566057_171:0:2902:2048_1920x0_80_0_0_6e15d533c5f22c7baa604a9d621df96d.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, археология, азамат кадыралиев, тарых
кыргызстан, археология, азамат кадыралиев, тарых
Курулуш жүргүзүү алдындагы милдеттүү археологиялык изилдөөдөн баш тартуу каралууда
БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Курулуш жүргүзөр алдында алдында жасалчу археологиялык изилдөөлөрдү жокко чыгаруу сунушталууда. Бул тууралуу президенттик администрациянын жетекчисинин орун басары Азамат Кадыралиев билдирди.
Анын айтымында, мындай чечим мамлекеттик кызматты бюрократиядан арылтуу боюнча атайын комиссияга киргизилет. Кадыралиев өлкөдө болгону 14 археолог бар экенин айтып, алар курулуш алдында казуу иштерин жүргүзбөй турганын белгиледи.
"Археологдор жөн гана келип, жерди көз менен карап чыгышат. Ошондой эле курулуш башталчу жерде мурда шаар болгон-болбогонун изилдешет. Шаарларды биз өзүбүз эле белгилей алабыз, археологдорду чакыруунун кереги жок. Алардын саны абдан аз, адистерди региондорго алып баруу кымбатка турат", — деди ал.
Мындан улам археологиялык табылга болушу мүмкүн болгон жерлердин тизмеси түзүлүп, ошол жерге гана Маданият министрлигинен уруксат алуу каралууда. Ал эми калган жерлерге археологиялык изилдөө жүргүзбөй эле курулуш башталып, эгерде кандайдыр тарыхый табылга кездешсе гана иш токтотулуп, окумуштууларга изилдөөгө берүү мерчемделүүдө.