https://sputnik.kg/20250329/kant-kyzylchasyn-osturuudo-kelishimder-ozgordu-1092964016.html
Сыдыков: кант кызылчасын айдаган фермерлер менен келишимдер өзгөрөт
Сыдыков: кант кызылчасын айдаган фермерлер менен келишимдер өзгөрөт
Sputnik Кыргызстан
"Кайыңды кант" ААКнын башкы директорунун орун басары Таалайбек Сыдыков быйыл кант кызылчасын айдаган фермерлер менен заводдун ортосунда түзүлүүчү келишимдерге... 29.03.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-03-29T10:11+0600
2025-03-29T10:11+0600
2025-03-29T10:11+0600
кызылча
радио
келишим
өзгөрүү
кыргызстан
таалайбек сыдыков
дыйкандар
https://sputnik.kg/img/07e8/09/12/1088806159_0:204:3067:1929_1920x0_80_0_0_809b4622162d0f404e460bccff94ea52.jpg
Сыдыков: кант кызылчасын айдаган фермерлер менен келишимдер өзгөрөт
Sputnik Кыргызстан
Сыдыков: кант кызылчасын айдаган фермерлер менен келишимдер өзгөрөт
Кант кызылчасынан быйыл да былтыркыдай эле мол түшүм күтүп жатабыз. Көлөмдүн көбөйүшү биздин ишибиздеги айрым көйгөйлөрдү курчутту. Андыктан быйыл фермерлер менен түзгөн келишимдерге өзгөртүүлөр кирүүдө. Бул тууралуу Таалайбек Сыдыков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.Анын айтымында, учурда кант кызылчасынын уруктары келип, дыйкандарга бериле баштады.Ал дыйкандарды түшүнүү менен мамиле кылууга чакырды.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/09/12/1088806159_134:0:2865:2048_1920x0_80_0_0_42cf6ffa3b16f4d4a4b16db5c88d39ea.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кызылча, келишим, өзгөрүү, кыргызстан, аудио, таалайбек сыдыков, дыйкандар
кызылча, келишим, өзгөрүү, кыргызстан, аудио, таалайбек сыдыков, дыйкандар
Сыдыков: кант кызылчасын айдаган фермерлер менен келишимдер өзгөрөт
"Кайыңды кант" ААКнын башкы директорунун орун басары Таалайбек Сыдыков быйыл кант кызылчасын айдаган фермерлер менен заводдун ортосунда түзүлүүчү келишимдерге өзгөрүүлөр кирип жатканын айтты.
Кант кызылчасынан быйыл да былтыркыдай эле мол түшүм күтүп жатабыз. Көлөмдүн көбөйүшү биздин ишибиздеги айрым көйгөйлөрдү курчутту. Андыктан быйыл фермерлер менен түзгөн келишимдерге өзгөртүүлөр кирүүдө. Бул тууралуу Таалайбек Сыдыков
Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда кант кызылчасынын уруктары келип, дыйкандарга бериле баштады.
"Былтыр кант кызылчасынын түшүмү мол болгондугуна байланыштуу сактоодо көйгөйлөр болду. Мисалы, мурда дыйкандар кызылчасын алып келип, кумшекерди алып кеткенге чейин сактап бере берчүбүз. Ал эми былтыр кампалардын тартыштыгы жаралды. Дыйкандар баалар түшүп кеткен учурда сата албай кармап турушту. Биз баарын батыра албай жүдөдүк. Ошондуктан быйыл келишимдерге өзгөртүүлөрдү киргизип жатабыз. Анын ичинде жергиликтүү бийлик, министрликтер менен биргеликте пландап, кызылча казуу иштерин кезек менен жүргүзөлү деп жатабыз. Кызылчаны казбай күтүп турса сапаты түшүп кетпейт. Көп учурда дыйкандар казып алышат да, ал иштелип чыкканча көпкө жатып калат. Мындайда кампа жетишсиздигинен улам канттуулугу түшүп кетүү коркунучу жаралат. Дагы бир айта кетүүчү жагдай, быйылкы келишимде баалар 5 сом, 5 сом 10 тыйындан коюлду. Бул ошол учурдагы дүйнөлүк наркка карап жогорулашы мүмкүн, бирок мындан ылдый болбойт", — деди Сыдыков.
Ал дыйкандарды түшүнүү менен мамиле кылууга чакырды.