https://sputnik.kg/20250330/-aba-yrayy-kyrgyzgidromet-zhamgyr-1092991980.html
Жума этегинде жаан жаайт. Бир аптага аба ырайынын божомолу
Жума этегинде жаан жаайт. Бир аптага аба ырайынын божомолу
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Кыргызгидромет бир аптага, тагыраагы, 31-марттан 6-апрелге чейинки аба ырайынын божомолун жарыялады. 30.03.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-03-30T15:31+0600
2025-03-30T15:31+0600
2025-03-31T09:41+0600
кыргызстан
аба ырайы
кыргызгидромет
жамгыр
шамал
https://sputnik.kg/img/07e7/04/16/1074653213_0:0:3078:1731_1920x0_80_0_0_c645420d5744b0887f92b8a1e8a37e49.jpg
БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Кыргызгидромет бир аптага, тагыраагы, 31-марттан 6-апрелге чейинки аба ырайынын божомолун жарыялады. Жуманын башында негизинен күн ачык болот. Ал эми апта соңунда, тагыраагы, 5-6-апрелде айрым жерлерде жаан, тоолуу аймактарда ал карга айланышы ыктымал. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болушу мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетери айтылды.Бишкек жана Ош шаарында 5-апрелде күндүз ала булут каптайт. Ошто 6-апрелде жаан жаашы мүмкүн.Чүй жана Талас облустарыАймакта апта соңуна чейин күн ачык болот. Ишембиде гана айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо түнкүсүн кар жаашы мүмкүн.Ош, Жалал-Абад жана Баткен жергесиЖуманын башында жаан-чачын болбойт. 5-6-апрелде тоолуу аймактарда жаан, кар жаашы ыктымал. Ысык-Көл жана Нарын Дүйшөмбүдө түнкүсүн жаан, тоолуу жерлерде кар жаашы ыктымал. Ал эми таңдан баштап күн ачылып, мындай аба ырайы ишембиге чейин кармалат. Аптанын акыркы эки күнү күндүн көзү бузулуп, жамгыр башталат.
https://sputnik.kg/20250317/kyrgyzstan-aprel-ayyna-karata-aba-yrayy-1092693544.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/04/16/1074653213_71:0:2802:2048_1920x0_80_0_0_f8df4bfe14243d222bbc063d3d95222c.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, аба ырайы, кыргызгидромет, жамгыр, шамал
кыргызстан, аба ырайы, кыргызгидромет, жамгыр, шамал
БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Кыргызгидромет бир аптага, тагыраагы, 31-марттан 6-апрелге чейинки аба ырайынын божомолун жарыялады.
Жуманын башында негизинен күн ачык болот. Ал эми апта соңунда, тагыраагы, 5-6-апрелде айрым жерлерде жаан, тоолуу аймактарда ал карга айланышы ыктымал. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болушу мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетери айтылды.
Бишкек жана Ош шаарында 5-апрелде күндүз ала булут каптайт. Ошто 6-апрелде жаан жаашы мүмкүн.
Аймакта апта соңуна чейин күн ачык болот. Ишембиде гана айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо түнкүсүн кар жаашы мүмкүн.
Ош, Жалал-Абад жана Баткен жергеси
Жуманын башында жаан-чачын болбойт. 5-6-апрелде тоолуу аймактарда жаан, кар жаашы ыктымал.
Дүйшөмбүдө түнкүсүн жаан, тоолуу жерлерде кар жаашы ыктымал. Ал эми таңдан баштап күн ачылып, мындай аба ырайы ишембиге чейин кармалат. Аптанын акыркы эки күнү күндүн көзү бузулуп, жамгыр башталат.