https://sputnik.kg/20250330/rossiya-ukraina-aksh-nato-tovar-zhardam-satyk-1092994314.html
Украиналык сайттарда НАТОдон гуманитардык жардамга келген буюмдар сатылууда
Украиналык сайттарда НАТОдон гуманитардык жардамга келген буюмдар сатылууда
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Украиналыктар интернетте чет элден гуманитардык жардамга келген буюмдарды сатышууда, арасында шлем, аскердик формадан тартып... 30.03.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-03-30T19:32+0600
2025-03-30T19:32+0600
2025-03-30T19:32+0600
дүйнөдө
россия
украина
нато
товар
жардам
сатык
https://sputnik.kg/img/07e9/01/10/1091445190_0:0:3098:1744_1920x0_80_0_0_447d5a3ea1bbe6c7cb8d475d1a3f6b22.jpg
БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Украиналыктар интернетте чет элден гуманитардык жардамга келген буюмдарды сатышууда, арасында шлем, аскердик формадан тартып күлазыктарга чейин бар. Бул тууралуу РИА Новости социалдык тармактардагы маалыматтарды талдап аныктаганын жазды. Атайын сайтта Америка, Швеция, Норвегия, Франция, Канада жана Польшанын азыктарын сатып алуу сунушталган. Айрымдары окуу-машыгуудан сувенир катары алгыла деп бир даана товарды сатыкка койгон болсо, кээси бир нече партиядагы товарларды сатыкка чыгарган, ал тургай буюртма менен алууга да болору көрсөтүлгөн. Ошондой эле ал сайттан чет элдик формаларды, шлем, бүктөлмө керебеттерди, меш, офицердик канцелярия жана НАТО өлкөлөрүнүн китептерин тапса болот.Сатуучулар маркалоонун жана биркалардын номерлерин көрсөтүү менен товарлардын нагыз ошол өлкөдөн чыкканын тастыкташууда. Мисалы, австриялык аскерлердин жаңы формасынын топтому 1450 гривна (3000 сомдой), Канаданын шлеми 8500 гривна (17 000 сом), Франциянын эң кымбат күлазыгы 845 гривна (1700 сом) турат. Баалар интернетте сатылып жаткан Украинанын аналог катары чыгарган товарларынан жогорураак.Мындан тышкары, украиналыктар Европа өлкөлөрүнүн гуманитардык жардамга берген буюмдарын сатышууда. Мисалы, бир нече жолу колдонсо боло турган жалаяктардын бир топтому 653 гривнага сатыкка коюлган болсо, алардын бир жолку колдоно турган украиналык аналогу 190 гривнадан башталат.Россия Украинага Батыштын курал-жарак берүүсү кырдаалды жөнгө салбастыгын жана НАТО өлкөлөрүн чатакка катыштырып, "от менен ойноп" жатканын айтып келет. РФ ТИМинин жетекчиси Сергей Лавров Украинага делген жүктүн бардык түрү Россия үчүн мыйзамдуу бутага айланарын эскерткен.
https://sputnik.kg/20250327/ukraina-maselesin-chechuudogu-ehn-oor-ehtap-1092912892.html
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/01/10/1091445190_0:0:2732:2048_1920x0_80_0_0_7816e1fb89855f7b46f57c2a87816035.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, украина, нато, товар, жардам, сатык
дүйнөдө, россия, украина, нато, товар, жардам, сатык
БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Украиналыктар интернетте чет элден гуманитардык жардамга келген буюмдарды сатышууда, арасында шлем, аскердик формадан тартып күлазыктарга чейин бар. Бул тууралуу
РИА Новости социалдык тармактардагы маалыматтарды талдап аныктаганын жазды.
Атайын сайтта Америка, Швеция, Норвегия, Франция, Канада жана Польшанын азыктарын сатып алуу сунушталган. Айрымдары окуу-машыгуудан сувенир катары алгыла деп бир даана товарды сатыкка койгон болсо, кээси бир нече партиядагы товарларды сатыкка чыгарган, ал тургай буюртма менен алууга да болору көрсөтүлгөн. Ошондой эле ал сайттан чет элдик формаларды, шлем, бүктөлмө керебеттерди, меш, офицердик канцелярия жана НАТО өлкөлөрүнүн китептерин тапса болот.
Сатуучулар маркалоонун жана биркалардын номерлерин көрсөтүү менен товарлардын нагыз ошол өлкөдөн чыкканын тастыкташууда. Мисалы, австриялык аскерлердин жаңы формасынын топтому 1450 гривна (3000 сомдой), Канаданын шлеми 8500 гривна (17 000 сом), Франциянын эң кымбат күлазыгы 845 гривна (1700 сом) турат. Баалар интернетте сатылып жаткан Украинанын аналог катары чыгарган товарларынан жогорураак.
Мындан тышкары, украиналыктар Европа өлкөлөрүнүн гуманитардык жардамга берген буюмдарын сатышууда. Мисалы, бир нече жолу колдонсо боло турган жалаяктардын бир топтому 653 гривнага сатыкка коюлган болсо, алардын бир жолку колдоно турган украиналык аналогу 190 гривнадан башталат.
Россия Украинага Батыштын курал-жарак берүүсү кырдаалды жөнгө салбастыгын жана НАТО өлкөлөрүн чатакка катыштырып, "от менен ойноп" жатканын айтып келет. РФ ТИМинин жетекчиси Сергей Лавров Украинага делген жүктүн бардык түрү Россия үчүн мыйзамдуу бутага айланарын эскерткен.