https://sputnik.kg/20250330/sadyr-zhaparov-orozo-ayt-kuttuktoo-1092987801.html
Садыр Жапаров Айт намазга катышып, элге куттуктоо жолдоду
Садыр Жапаров Айт намазга катышып, элге куттуктоо жолдоду
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Бабаларыбыздан мурастап калган асыл сапаттарыбызды барктай да, баалай да билели. Бул тууралуу мамлекет башчы Садыр Жапаровдун Орозо... 30.03.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-03-30T10:39+0600
2025-03-30T10:39+0600
2025-03-30T10:57+0600
кыргызстан
садыр жапаров
орозо
айт
куттуктоо
намаз
https://sputnik.kg/img/07e9/03/14/1092763406_0:67:1280:787_1920x0_80_0_0_0acccdc052040c9b3b8da06b6925c3b7.jpg
БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Бабаларыбыздан мурастап калган асыл сапаттарыбызды барктай да, баалай да билели. Бул тууралуу мамлекет башчы Садыр Жапаровдун Орозо айтка карата куттуктоосунда айтылат.Быйыл өлкө башчы Айт намазды Бишкектеги Имам Сарахси атындагы мечитте окуган.Анда кыргыз эли абалтадан меймандостугу, боорукерлиги, кайрымдуулугу, калыстыгы жана ынтымагы менен даңазаланып келгени, бул баалуулуктар бүгүн да сакталып, өлкөдө ар кандай этностун өкүлдөрү тынчтыкта, биримдикте жашап жатканы белгиленген.Ошондой эле ал салттуу исламды таанып-билүү менен Жусуп Баласагын, Махмуд Кашкари-Барскани, Улукбек бабалардын жолун улап, илим-билим менен адеп-ахлакты бирдей алып кетүү зарылдыгын белгилеген.
https://sputnik.kg/20250329/orozo-ayt-aydoochu-inspektorlor-zhol-aky-1092980312.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/03/14/1092763406_72:0:1209:853_1920x0_80_0_0_2b80035f2a789288a50f9d2aec759db9.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, садыр жапаров, орозо, айт, куттуктоо, намаз
кыргызстан, садыр жапаров, орозо, айт, куттуктоо, намаз
БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Бабаларыбыздан мурастап калган асыл сапаттарыбызды барктай да, баалай да билели. Бул тууралуу мамлекет башчы Садыр Жапаровдун Орозо айтка карата куттуктоосунда айтылат.
Быйыл өлкө башчы Айт намазды Бишкектеги Имам Сарахси атындагы мечитте окуган.
Садыр Жапаров Айт намазга катышты
Президент быйылкы Орозо айында ата-бабадан калган нарк-насилибизге ылайык, кайрымдуулуктун, боорукерликтин күчү айрыкча сезилгенин белгиледи
Садыр Жапаров салттуу исламды таанып-билүү менен илим-билим жана адеп-ахлакты бирдей алып кетүү зарылдыгын айтты
Садыр Жапаров Айт намазга катышты
Президент быйылкы Орозо айында ата-бабадан калган нарк-насилибизге ылайык, кайрымдуулуктун, боорукерликтин күчү айрыкча сезилгенин белгиледи
Садыр Жапаров салттуу исламды таанып-билүү менен илим-билим жана адеп-ахлакты бирдей алып кетүү зарылдыгын айтты
Анда кыргыз эли абалтадан меймандостугу, боорукерлиги, кайрымдуулугу, калыстыгы жана ынтымагы менен даңазаланып келгени, бул баалуулуктар бүгүн да сакталып, өлкөдө ар кандай этностун өкүлдөрү тынчтыкта, биримдикте жашап жатканы белгиленген.
“Быйылкы Орозо айында ата-бабадан калган нарк-насилибизге ылайык, кайрымдуулуктун, боорукерликтин күчү айрыкча сезилди. Кары дебей, жаш дебей — баары тегиз чанда кездешүүчү дартка чалдыккан наристелердин дартына даба боло турган кымбат баалуу дарыга муктаждарга кол сунуп, элибиздин ынтымагын дүйнө жүзүнө дагы бир ирет жар салды. Бабаларыбыздан мурастап калган мындай асыл сапаттарыбызды барктай да, баалай да билели. Анткени коомдун тынчтыгы жана биримдиги өлкөбүздүн өсүп-өнүгүшүнүн негизи болуп саналат”, — деди өлкө башчы.
Ошондой эле ал салттуу исламды таанып-билүү менен Жусуп Баласагын, Махмуд Кашкари-Барскани, Улукбек бабалардын жолун улап, илим-билим менен адеп-ахлакты бирдей алып кетүү зарылдыгын белгилеген.