https://sputnik.kg/20250401/bilim-pisa-2025-okuuchu-mektep-1093033484.html
PISA-2025: өлкөдө бир ай бою өспүрүмдөрдүн билими, көндүмдөрү изилденет
PISA-2025: өлкөдө бир ай бою өспүрүмдөрдүн билими, көндүмдөрү изилденет
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Бүгүн Кыргызстанда PISA-2025 ((Programme for International Student Assessment) изилдөөсү башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим... 01.04.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-04-01T11:24+0600
2025-04-01T11:24+0600
2025-04-01T11:25+0600
кыргызстан
билим
окуучу
мектеп
изилдөө
өспүрүм
https://sputnik.kg/img/07e8/05/06/1084870823_0:160:3072:1888_1920x0_80_0_0_5a94a017b26ec5a6ab1fbc1ba93313e1.jpg
БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Бүгүн Кыргызстанда PISA-2025 ((Programme for International Student Assessment) изилдөөсү башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.Тестирлөөгө 197 билим берүү уюмунан 15 жаштагы 6700дөн ашуун окуучу катышат. Ал үчүн 14 мобилдик топ түзүлүп, 308 ноутбук даярдалган.PISA — окуучулардын билимин баалоочу эл аралык программа. Ал окуучулардын функционалдык сабаттуулугун, мектепте алган билимин практикада колдонуу жөндөмдүүлүгүн жана балдардын коомдо өз алдынча жашоого даярдыгын баалайт. Башкача айтканда, жалпы орто билим алган окуучу коомго толук кандуу аралашып кетүүсүнө же болбосо өз ордун табууга керектүү болгон көндүмү жана билимин баалоону көздөйт.Кыргызстан бул программага 2006-жылы жана 2009-жылы катышып, жыйынтыгында окуучулардын билим деңгээли төмөн деп белгиленген.
https://sputnik.kg/20240123/bilim-beruu-tuuraluu-maegi-1082123043.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/05/06/1084870823_171:0:2902:2048_1920x0_80_0_0_4b7610ed3015f3baa20585baf59bbc9c.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, билим, окуучу, мектеп, изилдөө, өспүрүм
кыргызстан, билим, окуучу, мектеп, изилдөө, өспүрүм
БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Бүгүн Кыргызстанда PISA-2025 ((Programme for International Student Assessment) изилдөөсү башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.
Тестирлөөгө 197 билим берүү уюмунан 15 жаштагы 6700дөн ашуун окуучу катышат. Ал үчүн 14 мобилдик топ түзүлүп, 308 ноутбук даярдалган.
"Тестирлөө 30-апрелде аяктайт. Изилдөөнүн жыйынтыктоочу отчёту 2026-жылдын аягында жарыяланат, ал Кыргызстандагы билим берүү системасынын абалы боюнча кеңири талдоо жүргүзүүгө мүмкүндүк берет", — деп айтылат маалыматта.
PISA — окуучулардын билимин баалоочу эл аралык программа. Ал окуучулардын функционалдык сабаттуулугун, мектепте алган билимин практикада колдонуу жөндөмдүүлүгүн жана балдардын коомдо өз алдынча жашоого даярдыгын баалайт. Башкача айтканда, жалпы орто билим алган окуучу коомго толук кандуу аралашып кетүүсүнө же болбосо өз ордун табууга керектүү болгон көндүмү жана билимин баалоону көздөйт.
Кыргызстан бул программага 2006-жылы жана 2009-жылы катышып, жыйынтыгында окуучулардын билим деңгээли төмөн деп белгиленген.