https://sputnik.kg/20250403/tramp-akshga-ozgocho-abal-rezhimin-kirgizdi-1093088214.html
Трамп АКШга өзгөчө абал режимин киргизди
Трамп АКШга өзгөчө абал режимин киргизди
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп соодадагы тең салмактуулуктун жоголушунан улам өлкөгө өзгөчө абал киргизгенин Ак үйдүн билдирүүсүнө... 03.04.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-04-03T15:03+0600
2025-04-03T15:03+0600
2025-04-03T15:03+0600
дүйнөдө
акш
экономика
бажы
өзгөчө абал
дональд трамп
https://sputnik.kg/img/07e9/04/03/1093088330_0:234:3072:1962_1920x0_80_0_0_b9c4e778683574672af98992a24d2d07.jpg
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп соодадагы тең салмактуулуктун жоголушунан улам өлкөгө өзгөчө абал киргизгенин Ак үйдүн билдирүүсүнө таянуу менен РИА Новости кабарлады.Маалыматта соода балансынын бузулушу өнөр жай базасын чоң зыянга учуратканы айтылат. Трамп АКШны башка мамлекеттердин пайдаланып кетишин каалабай турганын айткан.Шаршемби күнү кечинде президент башка мамлекеттерден келген товарларларга бажы алымын киргизгени белгилүү болду. Эң азы 10 пайыз деп белгиленген, бирок тариф ар бир мамлекет үчүн өзүнчө каралып, алардын америкалык товарларга койгон бажы алымынын жарымын түзөрү айтылган.Анткен менен пошлина киргизилген өлкөлөрдүн тизмесинде Россия менен Беларусь жок.Трамптын айтымында, бул АКШнын экономикалык көз карандысыздыгынын декларациясы болуп, мамлекеттик карыздан кутулууга пайдаланылмакчы. ЕБ мамлекеттерине карата бажы алымы 20 пайызды түзөт.Өз кезегинде АКШнын финансы министри Скотт Бессент пошлина киргизилген өлкөлөрдү жооп кайтаруудан оолак болууга чакырды. Аткаминердин айтымында, бул соодадагы тирешүүнү шарттайт.
https://sputnik.kg/20250403/aksh-kyrgyzstan-bashtagan-bir-top-olkolorgo-tovar-salygyn-kirgizdi-1093080216.html
акш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/04/03/1093088330_0:0:2732:2048_1920x0_80_0_0_67ab8cff49fa4331ad687f47a1270588.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, экономика, бажы, өзгөчө абал, дональд трамп
дүйнөдө, акш, экономика, бажы, өзгөчө абал, дональд трамп
Трамп АКШга өзгөчө абал режимин киргизди
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп соодадагы тең салмактуулуктун жоголушунан улам өлкөгө өзгөчө абал киргизгенин Ак үйдүн билдирүүсүнө таянуу менен
РИА Новости кабарлады.
"Бүгүн АКШ президенти тышкы соода жана экономика жаатындагы саясат өлкөнү өзгөчө абалга кептегенин жар салды", — деп айтылат билдирүүдө.
Маалыматта соода балансынын бузулушу өнөр жай базасын чоң зыянга учуратканы айтылат. Трамп АКШны башка мамлекеттердин пайдаланып кетишин каалабай турганын айткан.
Шаршемби күнү кечинде президент башка мамлекеттерден келген товарларларга бажы алымын киргизгени белгилүү болду. Эң азы 10 пайыз деп белгиленген, бирок тариф ар бир мамлекет үчүн өзүнчө каралып, алардын америкалык товарларга койгон бажы алымынын жарымын түзөрү айтылган.
Анткен менен пошлина киргизилген өлкөлөрдүн тизмесинде Россия менен Беларусь жок.
Трамптын айтымында, бул АКШнын экономикалык көз карандысыздыгынын декларациясы болуп, мамлекеттик карыздан кутулууга пайдаланылмакчы. ЕБ мамлекеттерине карата бажы алымы 20 пайызды түзөт.
Өз кезегинде АКШнын финансы министри Скотт Бессент пошлина киргизилген өлкөлөрдү жооп кайтаруудан оолак болууга чакырды. Аткаминердин айтымында, бул соодадагы тирешүүнү шарттайт.