00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
5 мин
17:52
7 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
16:58
1 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
3 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Садыр Жапаров нааразычылык жараткан Жер кодексин артка кайтарды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров. Архив
Президент Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.04.2025
Жазылуу
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров коомчулукта катуу нааразылык жараткан Жер кодексин каршы пикири менен артка кайтарды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат катчысы Аскат Алагөзов кабарлады.
Эскерте кетсек, аталган кодекс ушул жылдын 13-феврадында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Мамлекет башчысы артка кайтаруу чечимин Кыргызстанда жеке менчик кол тийгис экендиги менен түшүндүргөн.
“Мамлекет башчысы бул чечимин Кыргызстанда жеке менчик кол тийгис экендиги менен түшүндүрөт. Эгерде огород же турак жай турган жер мамлекеттик максатка зарыл болсо, анда анын ордуна компенсация төлөнүп, же башка жерден тийиштүү жер тилкеси сунушталышы керектиги белгиленди”, — деп жазды Алагөзов.
Анын айтымында, Жер кодекси боюнча каршы пикирге кол коюуда президент төмөнкү учурларды эске алган:
жер пайдалануучу тарабынан республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 5 пайыз же болбосо эквиваленттүү акча каражатын берүү жөнүндө макулдашуунун милдеттенмелерин аткарбагандыгына байланыштуу жер участогу алынганда бул жоболор Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 15-беренесине каршы келет;
​жер участогунун менчик ээсинин өлчөмүнө жараша компенсация алууга укугу чектелгенде жана "калыбына келтирүү наркы" термини аныкталбаганда;
мал жаюу менен байланышпаган мамлекеттик менчиктеги жайыт жерлерин которуу (трансформациялоо) жолу менен жеке менчикке өткөрүп берүү, бул жоболор Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесине жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келет;
мамлекеттер аралык келишимдерди ишке ашыруунун алкагында жер участоктору тоорук өткөрбөстөн түз сатуу жана/же алмаштыруу жолу менен чет өлкөлүк жактарга менчикке берүү. Бул жоболор Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесине каршы келет;
муниципалдык менчиктеги жер участокторун мамлекеттик пайдалануучуга мөөнөтсүз пайдаланууга берүү жана өткөрүп берүү тартиби боюнча, мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келбеген бөлүгүндө (жергиликтүү кеңештин макулдугусуз ж. б.);
темир жол жана анын инфраструктурасы курулган учурда чек арага чектеш аймактарда жайгашкан жер участоктору мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугунда берүүгө чектөөнүн болушу (Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан);
​ижарага алынуучу жер участогунун менчик ээси же анын укук мураскери 10 жылдан ашык жок болсо, көп кабаттуу турак үй жайгашкан жер участогун турак жай менчик ээлеринин шериктигинин менчигине акысыз өткөрүп берүү бөлүгү. Бул жоболор Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин ченемдерине каршы келет.
Жол куруу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.04.2025
Ош шаарындагы жолдорду кеңейтүү үчүн алынган жерлердин орду толтурулары айтылды
Жаңылыктар түрмөгү
0