Примаков: Кыргызстандын фашизмди жеңүүгө кошкон салымына ыраазыбыз
16:58 07.04.2025 (Жаңыртылды: 17:06 07.04.2025)

© Sputnik / Виталий Белоусов
/ Жазылуу
БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Россия Кыргызстандын фашизмди жеңүүгө кошкон салымы үчүн ыраазы. Бул тууралуу Россотрудничествонун жетекчиси Евгений Примаков билдирди.
Ал Sputnik агенттигинин маалымат борборунда өткөн "Элдик дипломатияга 100 жыл: ВОСК — Россотрудничество" аталышындагы видеокөпүрөдө сүйлөгөн.
"Согушта чогуу болуп, чогуу кан төккөнүбүзгө биз, Россиядагылар, ыраазыбыз. Бул — биздин биргелешип жеткен жеңишибиз. Көптөгөн элдерден түзүлгөн Советтер Союзунун жеңиши. Бул Россия, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстандын жеңиши деп айтууга толук негиз бар. Баарына фашизмди чогуу жеңгенбиз деп сыймык менен айта алабыз. Биз дайым бирге болобуз", — деген Примаков.