00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Кыргызалтын" ААКта акционерлердин жылдык жалпы чогулушу өттү. Компаниядан билдиришкендей, анда компаниянын тоо-кен тармагындагы ишмердүүлүгүнүн туруктуулугун тастыктаган маанилүү финансылык жана уюштуруу жыйынтыктары жарыяланды. Отурумдун жүрүшүндө коомдун 2024-жылга карата финансылык-чарбалык ишмердүүлүгү, бюджеттин аткарылышы жана негизги көрсөткүчтөрүнө баа берүү боюнча отчеттор каралып, коомдун мындан аркы пландары жана стратегиялык милдеттери талкууланды. “Кыргызалтын” ААКы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча 2024-жылга карата ишкананын кирешеси 18,6 млрд сомду, пайдасы 17,2 млрд сомду түздү. 2024-жылы «Кыргызалтын» ААК кирешенин рекорддук деңгээлине жетишти, бул 2023-жылга салыштырмалуу 36%га көп. Жыйындын жүрүшүндө акционерлер пайданын 75%ын дивиденд түрүндө мамлекеттик бюджетке төлөө чечимин кабыл алышты. Акционерлердин жылдык жалпы чогулушунун жыйынтыгы боюнча бардык сунуштар эске алынып, күн тартибиндеги маселелер боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынды.
Миң-Куштагы уран калдыктары сакталган жайлар августта рекультвацияланып бүтүп калат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Маалыматка ылайык, маселе ӨКМ башчысы Бообек Ажикеевдин "Росатом" компаниясынын башкы директору Николай Спасский менен жолугушуусунда көтөрүлгөн. "Росатомдун" өкүлдөрү министрге Миң-Куштагы уран калдыктары жайгашкан объектилердеги иштер тууралуу маалымат берип, зыянсыздандыруу иштери ушул жылдын август айында бүтүп каларын айтышты. ӨКМ рекультивация бүткөн соң эки өлкөнүн стратегиялык кызматташтыгына арналган мемориалдык стелла Миң-Кушта коюларын кошумчалады. Тараптар Кажы-Сай, Кызыл-Жар №12, Кара-Таш, Сумсар жана Кан калктуу конуштарын реабилитациялоо этаптарын да талкуулашкан.
Заводдор фермерлерден сүттү белгиленген баада сатып алат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.Министрлик жыл сайын апрель-июнь айларында сүттүн баасы төмөндөп, фермерлге көгөй жаратып келгенин белгилеген. Мындан улам сүттүн майлуулугуна жараша тарифтик график иштелип чыгып, фермерлерге сүттү заводдорго ортомчусуз сатуу үчүн мүмкүнчүлүк түзүлгөнү айтылды.Майлуулукка жараша баа : 3 пайыз — 31 сомдон; 3,5 пайыз — 36-39 сомдон; 4 пайыз жана андан жогору — 40 сомдон өйдө болот."Бул баа ар бир сүт кабыл алган заводго илинип, элге жеткиликтүү болушу шарт. Эгерде фермер менен завод ортосунда сүттүн майлуулугу боюнча пикир келишпестик жаралса, Ветеринардык кызматтын лабораториясына кайрылууга болот. Лаборатория экспертиза жүргүзүп, жыйынтыгы менен завод фермердин сүтүн белгиленген тариф менен кабыл алууга милдеттүү болот", — деп жазылган маалыматта. Токтомду аткарбаган ишканаларга тиешелүү чаралар көрүлөрү эскертилди.
Азербайжандын президенти Илхам Алиев Евробиримдикти Бакунун Түркия жана Армения менен мамилесине кийлигишпөөгө чакырды. Бул туурасында аталган мамлекет башчынын расмий сайтында жазылган."Түркия менен Армениянын, Азербайжан менен Армениянын алакасы алардын иши эмес. Европа биримдиги өзүн бул маселелерден канчалык алысырааак кармаса, ошончолук жакшы болот", — деп айтылган расмий сайтта. Президент ЕБдин үч мамлекетке чек араларын ачышы керектигин айтып, дайыма чакырык сала берерине нааразы болгон. Өткөн аптада Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен Армения Түркия жана Азербайжан менен чек араларын ачышы керек деген чакырык салган. Анын айтымында, мындай кадам Евробиримдик менен Борбордук Азияны жакындатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0