23-24-июнда Шанхай кызматташтыгы уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын 15-жыйыны Ташкент шаарында болот. Ал өзбек президенти Ислам Каримовдун төрагалыгы алдында өтөт.
Саммитке катыша турганын уюмга мүчө бардык мамлекеттин башчылары расмий билдирди. Алар: Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Россия жана Тажикстан.