23-24-октябрь күндөрү Темир жол ооруканасынын жугуштуу илдеттер бөлүмүнө тамакка ууланып 12 киши түшкөн. Саламаттык сактоо министрлиги алар "Империя пиццы" тармактык кафесинен ролл жегенин билдирген. 25-октябрда уулангандар 85ке жетти. Учурда кафенин бардык филиалдары эпидемиологиялык изилдөөгө убактылуу жабылды.