Андрей Казанцев, саясий илимдеринин доктору, Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтунун (МГИМО) Аналитикалык борборунун директору
Деги Тажикстанда эмне болуп кетти? Расмий көз карашты президент Эмомали Рахмон билдирип, Вахдат шаарынын Ички иштер бөлүмүнө "Ислам мамлекетинин" согушкерлери кол салганын, алардын ичинде ошол шаардын 46 тургуну бар экендигин айткан. Козголоңду Тажикстандын Коргоо министринин мурдагы орун басары, Бириккен тажик оппозициясы менен байланышы бар генерал-майор Назарзода жетектеген.
Мындай билдирүүлөрдүн маңызын түшүнүш үчүн окуяларды Тажикстандын ички саясатынын алкагында карап көрөлү. Өлкөдө экономикалык оор абалга байланыштуу (буга Россияда жана мурдагы совет республикаларында болуп жаткан экономикалык маселелер да себеп) жалпы эле социалдык-саясий абал курчуп, калктын нааразылыгы артып, бийликти коррупция үчүн айыптоолор көбөйүп жатат.
Акыркы кезде оппозициянын башкы күчү болуп эсептеген " Ислам кайра жаралуу партиясы" деп аталган орто исламисттик кыймылына каршы күрөш күч алды. Ага Сирия менен Ирактагы "Ислам мамлекети" террорчулар тобунун идеяларына берилип, аларды жайылтып жатат деген айып коюлган. Дал ушундай кырдаалда Назарзоданын куралдуу күчтөрү мамлекеттик күчтөр менен кагышып кетти. Окуя болгондон кийин Назарзоданын тобу тоого жашырынып кеткен. Бул жерде белгилей турган нерсе, ички бөлүнүп-жарылууларга байланыштуу мындай куралдуу "териштирүүлөр", тилекке каршы, Тажикстандын саясий системасы үчүн адаттагы көрүнүш.
Эми тиги же бул окуялардын артында туруучу "сырткы таасирлерди" чечмелеп көрөлү. Борбордук Азияны колго алуу үчүн жүрүп жаткан "Жаңы чоң оюнда" баары чаташып, татаал болгондуктан, чечмелөөнүн натыйжалары бир жактуу болбойт.
Сырттан көрсөтүлгөн таасирлердин бир изи расмий билдирүүдө туура белгиленген. "Ислам мамлекетинин" үгүттөөлөрү жана таасири Борбор Азия менен Афганистандын бардык аймактарында, Тажикстанда да чын эле өсүп келе жатат. Бир катар тажик исламчылары "Ислам мамлекети" (ИМ) менен эле эмес, "Аль-Каида" менен катышы бар экенин шексиз далилдей турган фактылар бар. Тажик ОМОНунун бир командири Халимов "Ислам мамлекетине" ("ИМ") кошулуп кетиши буга айкын мисал болот. Борбор Азия "ИМ" үчүн эң артыкчылык орунда тургандардын бири деген ойлор бар болчу. Бирок мындан "ИМ" менен "Ислам кайра жаралуу партиясы" бир деп түз байланыштурууга болбойт. Тескерисинче, көпчүлүк сырттан байкоочулар радикалдык исламга каршы күрөштө аша чаап кетүү Тажикстандагы туруктуулукка терс таасирин тийгизиши мүмкүн деп эсептейт. Көптөгөн ислам өлкөлөрүнүн тажрыйбасы көрсөткөндөй, тыюу салынган орто исламдын ордуна радикалдашкан ислам келип, дал ошол чыныгы коркунучту жаратышы ыктымал.
"Жаңы чоң оюндун" Россия, АКШ жана Кытай сыяктуу негизги катышуучулары Тажикстандагы куралдуу кагылышка байланышкан маселелерге кайдыгер карап тура албастыгы айкын.
Ушуга байланыштуу өзгөчө белгилей турган нерсе, Россия мамлекетинин башчысы Путин Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөшүүдө кырдаалды Душанбеде 15-сентябрда өтө турган ЖККУнун саммитинде талкуулоо зарылдыгын айткан. ЖККУнун алкагында бул маселени кароо олуттуу мааниге ээ. Бул тажиктердин өз ара талаш-тартышына Москва түз кийлигишүүнү каалабастыгын көрсөтөт.
Ушуга байланыштуу эске сала турган нерсе, ЖККУ коңшулаш турган Кыргызстандын эки ыңкылабына эч кийлигишкен эмес. Бирок Тажикстанда туруктуулукту колдоонун ишенимдүү күчү катары ЖККУ өзүн жакшы көрсөтө алган. Бул, мисалы, өлкөдө жайгашкан Россиянын 201-дивизиясы Тажикстанда тынчтыкты орнотууда аткарган ролунун, ошондой эле Россиянын тажик аскерлерине, полициясына жана чек арачыларына активдүү жардам көрсөтүүсүнүн аркасында болду.
Автордун пикири Sputnik агенттигинин пикирине сөзсүз туура келбейт.