БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Эл аралык "Китеп искусствосу" сынагынын калыстары КМШ өлкөлөрүнүн ичиндеги мыкты китеп басылмаларын аныктайт. Бул тууралуу Мамлекеттик китеп палатасы билдирди.
Мыкты басылмаларды аныктоо иш-чарасы үстүбүздөгү жылдын 21-22-июнь күндөрү Касымалы Баялинов атындагы республикалык балдар жана жаштар китепканасында өтөт.
Иш-чаранын максаты китеп басылмаларын жайылтып, аларда колдоо болуп саналат.
Эл аралык "Китеп искусствосу" 2004-жылдан бери КМШ өлкөлөр арасында өткөрүлүп, быйыл 13-ирет тартууланганы турат.