Садыр Жапаров Райым Матраимов менен эки ирет жолукканын айтты
09:48 14.03.2024 (Жаңыртылды: 18:34 20.03.2024)
© Фото / Фонд имени Исмаила МатаримоваБажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимов. Архивдик сүрөт
© Фото / Фонд имени Исмаила Матаримова
Жазылуу
Өлкө башчы УКМК Матраимовдун криминал менен байланышкан иштерин таап чыкканын белгилеп, аларды мамлекетке өткөрүп жатканын кошумчалаган.
БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине берген маегинде Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимовду эки ирет кабыл алып, эскертүү бергенин билдирди.
Биринчисинде "мыйзамдагы ууру" Камчы Көлбаев экөөнү кабыл алганын, ал жолугушууда Камчыбек Ташиев да болгонун кошумчалаган.
"Ошондо Көлбаевге "эски заманыңарды унутуп, элди, бизнесмендерди тонобогула. Криминалдар, бири-бириңерди өлтүрбөгүлө. Саясатчылардын, инвесторлордун бир тал чачы түшпөсүн. Мындан ары тынч, мыйзам бузбай жашагыла" деп катуу эскерткем. Тилекке каршы, элди тоногону токтободу. Базарларда майда-чүйдө бизнестерге чейин үлүшкө отуруп алган. Кээ бир бизнесмендердин мүлктөрүн тартып алган фактылар аныкталды. Экинчисинде Райым Матраимовдун өзүн кабыл алып "2 миллиард төлөдүң, "Эльдорадо" соода борборуң, 10 батириң жана башка оокаттарың мамлекетке өттү. Эми мындан ары тынч өз оокатыңды кыл. Криминалга аралашпа, алар менен дос болбо" деп айткам. Тилекке каршы, байланышын үзбөптүр да", — деген мамлекет башчы.
Садыр Жапаров УКМК Матраимовдун криминал менен байланышкан иштерин таап чыкканын белгилеп, аларды мамлекетке өткөрүп жатканын кошумчалаган.