00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
07:46
5 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
10 мин
Об экономике и не только
Продвижение идей Великого Турана — каковы цели Турции в ЦА?
18:11
55 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
7 мин
Спортбокс
Спорттук экипировкаларды тандоодо эмнеге көңүл буруу кажет?
19:08
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:00
4 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
20:05
53 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда кант диабети “жашарууда”— диабетти алдын алуу иштерине кандай көңүл бурулуп жатат?
23:04
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

ЖМК: Газага делген гуманитардык жардамды каракчылар уурдап, талап жатышат

© AP Photo / Abdel Kareem HanaПалестиналыктар Газа тилкесинде гуманитардык жүк ташыган унааларга чабуул коюшту. Архив
Палестиналыктар Газа тилкесинде гуманитардык жүк ташыган унааларга чабуул коюшту. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.11.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Газага арналган гуманитардык жардамдар Израилдин көзөмөлүндөгү жерлердин бир катар бөлүктөрүндө талоонго алынууда, кыязы алар европалык мамлекеттердин көңүл коштугунан пайдаланып жатышат. Бул туурасында Washington Post БУУнун ички документтерине шилтеме кылып жазды.
"БУУнун ички жазышууларында каракчылар Израиль армиясынын (ЦАХАЛ) "активдүүлүгүнөн же көңүл кош караган "жумшактыгынан" же "калкалап жаткандыгынан пайдаланып жатышы мүмкүндүгү" кабарланган", — деп жазган газета.
Документте буга мисал катары каракчылардын лидерлеринин бири ЦАХАЛ көзөмөлдөгөн аймакта "аскерлештирилген объект" түзгөнү айтылат. Басылманын маалыматында, БУУнун кызматкерлери жана жүк ташуучу машиналардын айдоочулары гуманитардык жардам таланып жатканда израилдик күчтөр аралашпай туруп алган бир нече учурду билдиришкен.
Аскерлер жакын жерде жайгашкандыктан каракчылыкты көрүп турушкан. Гуманитардык уюмдардын Израиль бийлиги жардамды жеткирүүчү колонналарды коргоону күчөтүүдөн баш тартканын белгилешкени айтылды.
Газетанын маалыматына караганда, өткөн жумада жүк ташыган 109 автоунаанын 98и БУУнун жардамы менен "Керем Шалом" көзөмөл-өткөрүү постунан өткөндөн кийин куралданган кишилер тоноп кеткен.
ЦАХАЛ Газадагы куралчан талап-тоноочуларга көңүл кош мамиле жасалып жатат деген маалыматты танууда.
Басылма белгилегендей, расмий өкүлдөр Газанын түштүк бөлүгүндө гуманитардык жардамды таратууга негизги тоскоолдук кылмыштуу топтор экенин билдиришкен. Бул аймакта Израилдин операциясынын кесепетинен улам үйлөрүн таштай качууга мажбур болгон палестиналыктардын көбү жайгашкан.
Эске салсак, 2023-жылдын 7-октябрында Израиль Газа тилкесинен ракеталык чабуулга кабылган. Андан соң палестиналык ХАМАС кыймылынын согушкерлери чек ара аймактарына кирип келип, аскерлер менен карапайым элге ок чыгарып, 200дөн ашуун адамды барымтага алган. Бийликтегилердин маалыматы боюнча, 1,2 миңге жакын адам каза болгон.
Израилдин Коргонуу күчтөрү Газа тилкесинде "Темир кылыч" операциясын баштаган. Израиль анклавды толук блокадага алганын жарыялап, суу, электр энергиясы, күйүүчү май, тамак-аш жана дары-дармек менен камсыздоо токтотулган. Газанын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, согуш башталгандан бери 43 миңден ашык палестиналык каза болуп, 103 миңден көбү жаракат алган.
Израилдин соккусунан кийин Рафах шаарынын үстүнөн түтүн каптоодо. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.11.2024
Израилдин соккусунан бир түндө Газада 50дөн ашык адам каза болду
Жаңылыктар түрмөгү
0