00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
07:46
5 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
9 мин
Об экономике и не только
Продвижение идей Великого Турана — каковы цели Турции в ЦА?
18:10
55 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
7 мин
Спортбокс
Спорттук экипировкаларды тандоодо эмнеге көңүл буруу кажет?
19:08
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:00
4 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
20:05
53 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда кант диабети “жашарууда”— диабетти алдын алуу иштерине кандай көңүл бурулуп жатат?
23:04
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Отдельный разведывательно-штурмовой отряд Клуни в Курской области - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Эрдоган НАТОну Россиянын өзөктүк доктринасын карап чыгып ойлонууга чакырды

© AP Photo / Rafiq MaqboolТүркия президенти Режеп Тайип Эрдоган
Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.11.2024
Жазылуу
Түркия лидери өлкө мүчө болгон НАТОну Россиянын өзөктүк доктринасына кайдыгер карабоого чакырган.
БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган Украинанын алыска атылуучу ракеталарды колдонушу өзөктүк чыр-чатактын чыгуу кооптуулугун күчөтөрүн айтты. Өлкө лидери бул тууралу Бразилияда өткөн G20 саммитинин жыйынтыгы менен өткөн маалымат жыйында билдиргенин РИА Новости жазды.
"Өзөктүк курал пайдаланылган жаңжал эч кимге пайда алып келбейт. Украина колдонуп жаткан ракеталар кырдаал эмнеге кептей турганын көрсөттү. Мындай терс жагдайларга каршы позициябызды сактоо менен тараптар тынчтыкка келүүгө ыктайт деп ишенебиз. Биз тынчтыкты камсыздоо боюнча чараларды көрө беребиз", — деди Эрдоган маалымат жыйында.
Президент, мындан тышкары, Россиянын жаңыланган өзөктүк доктринасына да көңүл бурду. Анын айтымында, бул — Москванын НАТОнун аракеттерине жооп чарасы.
"Доктрина — биринчи кезекте Россиянын өзүнө каршы жасалган аракеттерге жооп иретиндеги кадамы. Документ НАТОнун расмий адамдары тарабынан каралышы керек, — деди Эрдоган.
Эскерте кетсек, New York Times гезити америкалык администрациядагы кызматкерлерге таянуу менен АКШ президенти Жо Байден Украинага Россиянын тереңине сокку уруу үчүн ыраакка атылуучу ракеталарды колдонууга уруксат бергенин жазган. Маалымат бергендердин айтымында, биринчи соккулар ATACMS ракеталары менен жасалмак. ЕБ дипломатиясынын башчысы Жозеп Боррель аталган курал менен 300 чакырым радиус аралыкка сокку урууга болорун тастыктаган.
Ал арада украиналык ЖМКлар кечээ өлкөнүн Куралдуу күчтөрү ATACMS баллистикалык ракеталары менен Россиянын аймагына сокку урганын жазып чыгышты. Бирок Генштаб бул маалыматты тастыктаган эмес.
Анткен менен G20 саммитине россиялык делегацияны жетектеп барган РФ ТИМинин жетекчиси Сергей Лавров ATACMS ракеталары менен Брянск облусуна сокку урулганын, бул АКШнын кырдаалды курчутууга ниети күч экенин көрсөтөрүн айтты.
Белгилей кетсек, Украина Куралдуу күчтөрү ATACMS ракетасы менен Брянскидеги объектилерге алты ирет чабуул жасаганы белгиленген. С-400 жана "Панцирь" системалары беш ракетаны атып түшүрүп, алтынчысын жарактан чыгарган. Жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.
Россия президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.11.2024
Путин өзөктүк куралды ооздуктоо жаатындагы мамлекеттик саясаттын негиздерин бекитти
Жаңылыктар түрмөгү
0