https://sputnik.kg/20241205/kyrgyzstan-nadira-zhusupbekova-bala-bakcha-1090615786.html
Өлкө боюнча бардык бала бакчага видеокамера орнотуу каралууда
Өлкө боюнча бардык бала бакчага видеокамера орнотуу каралууда
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Өлкө боюнча бардык бала бакчага видеокамера орнотуу каралууда. Бул тууралуу билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова... 05.12.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-12-05T09:55+0600
2024-12-05T09:55+0600
2024-12-05T09:55+0600
кыргызстан
надира жусупбекова
бала бакча
билим берүү
видеокамера
https://sputnik.kg/img/07e8/09/05/1088457051_0:1:3637:2047_1920x0_80_0_0_f1f3fb3d8a1d79e37aabaeac97efd9bd.jpg
БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Өлкө боюнча бардык бала бакчага видеокамера орнотуу каралууда. Бул тууралуу билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди.Анын айтымында, мындай чара Сузактагы бакчада балдардын сабалышынан кийин көрүлгөнүн белгиледи.Ошондой эле ал Сузактагы бала бакчанын балдарына, ата-энелерге, тарбиячыларга психологиялык жардам көрсөтүп, ошол эле учурда окуянын келип чыгышын такташ үчүн ОшМУдан психологдор тобу барганын кошумчалады. Анын айтымында, бул окуя сабак болуп, башка бала бакчаларда алдын алуу иштери жүргүзүлүшү зарыл.
https://sputnik.kg/20241203/kendirbayeva-ata-enelerden-kechirim-surady-1090577538.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/09/05/1088457051_386:0:3117:2048_1920x0_80_0_0_0c87eceef9a49b2fa444e65377e9242e.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, надира жусупбекова, бала бакча, билим берүү, видеокамера
кыргызстан, надира жусупбекова, бала бакча, билим берүү, видеокамера
Өлкө боюнча бардык бала бакчага видеокамера орнотуу каралууда
БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Өлкө боюнча бардык бала бакчага видеокамера орнотуу каралууда. Бул тууралуу билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, мындай чара Сузактагы бакчада балдардын
сабалышынан кийин көрүлгөнүн белгиледи.
"Ар бир айыл, шаар менен байланышып учурда канча бакчада видекөзөмөл орнотулганын текшердик. Жергиликтүү бийликтер менен байланышып, видеокамера орнотулушу керектигин айттык. Аны колдонуу боюнча инструкция дагы жөнөтүлөт. Анткени купуялуулук дагы сакталып, ата-энелер балдарын камера аркылуу карап тура алгандай болушу керек. Ал эрежелердин сакталып жатканын бакчанын жетекчилиги көзөмөл кылышы кажет", — деди Жусупбекова.
Ошондой эле ал Сузактагы бала бакчанын балдарына, ата-энелерге, тарбиячыларга психологиялык жардам көрсөтүп, ошол эле учурда окуянын келип чыгышын такташ үчүн ОшМУдан психологдор тобу барганын кошумчалады. Анын айтымында, бул окуя сабак болуп, башка бала бакчаларда алдын алуу иштери жүргүзүлүшү зарыл.