https://sputnik.kg/20241214/gruziyada-zhany-prezident-shajlandy-1090824363.html
Батыштын провокацияларына каршы. Грузияда жаңы президент шайланды
Батыштын провокацияларына каршы. Грузияда жаңы президент шайланды
Sputnik Кыргызстан
Кавелашвили буга чейинки парламенттик шайлоодо жеңген "Грузин кыялы" партиясынын өкүлү, парламенттин депутаты жана мурда футболист болчу. 14.12.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-12-14T17:43+0600
2024-12-14T17:43+0600
2024-12-14T17:43+0600
дүйнөдө
грузия
президент
президенттик шайлоо
михаил кавелашвили
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/0e/1090823141_0:0:3074:1730_1920x0_80_0_0_0b8515a9b2ac2cb5a51c5738877d0c62.jpg
БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Михаил Кавелашвили Грузиянын алтынчы президенти болуп шайланганын РИА Новости жазды.Ал шайлоочулар коллегиясындагы 300 адамдын ичинен 224 добуш топтогон. Мыйзам боюнча, добуш 200дөн ашык болушу керек. Өнөктүккө Кавелашвили гана катталган. БШК төрагасы аны жаңы тандалган президент деп расмий жарыялады.Кавелашвили буга чейинки парламенттик шайлоодо жеңген "Грузин кыялы" партиясынын өкүлү, парламенттин депутаты жана мурда футболист болчу.2022-жылы Кавелашвили ачык катында АКШ элчисинен оппозициянын бийликти кулатуу чакырыктарына, ошондой эле Киевдин Грузияны Россия менен жаңжалга кошулуу өтүнүчүнө карата мамилесин билдирүүнү суранган. Ал АКШ элчилиги Грузиядагы бийликти поляризациялоо жана өзгөртүү үчүн өзүнүн агенттерин колдонуп жатканын айткан. Жаңы шайланган президент үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.Белгилей кетсек, Грузия парламенттик мамлекет. Президент анда өкүлчүлүк милдетти гана аткарат, чыныгы бийлик премьер-министрде.Учурдагы президент Саломе Зурабишвили мөөнөтү аяктагандан кийин кызматтан кетпей турганын айткан. Ал парламенттик шайлоонун жыйынтыгын таануудан баш тартып, Тбилисидеги башаламандыктарды колдоп чыккан.
https://sputnik.kg/20241214/gruziya-prezidenttik-shajloo-1090814849.html
грузия
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/0e/1090823141_104:0:2835:2048_1920x0_80_0_0_0d6109be57eba35b9cde0b031b978e5f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, грузия, президент, президенттик шайлоо, михаил кавелашвили
дүйнөдө, грузия, президент, президенттик шайлоо, михаил кавелашвили
Батыштын провокацияларына каршы. Грузияда жаңы президент шайланды
Кавелашвили буга чейинки парламенттик шайлоодо жеңген "Грузин кыялы" партиясынын өкүлү, парламенттин депутаты жана мурда футболист болчу.
БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Михаил Кавелашвили Грузиянын алтынчы президенти болуп шайланганын
РИА Новости жазды.
Ал шайлоочулар коллегиясындагы 300 адамдын ичинен 224 добуш топтогон. Мыйзам боюнча, добуш 200дөн ашык болушу керек. Өнөктүккө Кавелашвили гана катталган. БШК төрагасы аны жаңы тандалган президент деп расмий жарыялады.
Кавелашвили буга чейинки парламенттик шайлоодо жеңген "Грузин кыялы" партиясынын өкүлү, парламенттин депутаты жана мурда футболист болчу.
2022-жылы Кавелашвили ачык катында АКШ элчисинен оппозициянын бийликти кулатуу чакырыктарына, ошондой эле Киевдин Грузияны Россия менен жаңжалга кошулуу өтүнүчүнө карата мамилесин билдирүүнү суранган. Ал АКШ элчилиги Грузиядагы бийликти поляризациялоо жана өзгөртүү үчүн өзүнүн агенттерин колдонуп жатканын айткан. Жаңы шайланган президент үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.
Белгилей кетсек, Грузия парламенттик мамлекет. Президент анда өкүлчүлүк милдетти гана аткарат, чыныгы бийлик премьер-министрде.
Учурдагы президент Саломе Зурабишвили мөөнөтү аяктагандан кийин кызматтан кетпей турганын айткан. Ал парламенттик шайлоонун жыйынтыгын таануудан баш тартып, Тбилисидеги башаламандыктарды колдоп чыккан.