https://sputnik.kg/20250130/kamila-taliyeva-genderdik-balans-1091732721.html
"Эркектердин өкмөтү". Талиева минкабда гендердик баланс сакталбаганына ачууланды
"Эркектердин өкмөтү". Талиева минкабда гендердик баланс сакталбаганына ачууланды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Билим берүү министрин дагы иштен алып, "эркектердин өкмөтү" деп жазып алгыла. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева... 30.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-30T11:45+0600
2025-01-30T11:45+0600
2025-01-30T11:45+0600
кыргызстан
камила талиева
азамат жамангулов
жогорку кеңеш
гендердик баланс
https://sputnik.kg/img/07e6/0b/18/1070292591_0:240:3072:1968_1920x0_80_0_0_fef49e626da9a681fcb514ef34789d33.jpg
БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Билим берүү министрин дагы иштен алып, "эркектердин өкмөтү" деп жазып алгыла. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева парламентте Санариптик өнүктүрүү министрлигинин жетекчилигине Азамат Жамангуловдун талапкерлиги каралып жатканда айтты.Ал парламент "нотариуска" айланып калганын белгилеп, өкмөттүн курамындагы гендердик балансты сынга алды. Талиева санариптик өнүктүрүү министри Нурайым Кутнаеванын ордуна эркек киши көрсөтүлүп жатканын жүйө кылып, буга чейин дагы аялдар өкмөттөн тез эле кетип жатканын белгиледи.Жыйынтыгында Жогорку Кеңештин депутаттары Азамат Жамангуловдун Санариптик өнүктүрүү министрлигин жетектөөсүнө макул болду.
https://sputnik.kg/20250130/nurlanbek-shakiyev-dary-darmek-1091730843.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/0b/18/1070292591_558:257:2604:1792_1920x0_80_0_0_cdc1a1d0cb3c5c9496fa2cf9f26c9640.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, камила талиева, азамат жамангулов, жогорку кеңеш, гендердик баланс
кыргызстан, камила талиева, азамат жамангулов, жогорку кеңеш, гендердик баланс
"Эркектердин өкмөтү". Талиева минкабда гендердик баланс сакталбаганына ачууланды
БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Билим берүү министрин дагы иштен алып, "эркектердин өкмөтү" деп жазып алгыла. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева парламентте Санариптик өнүктүрүү министрлигинин жетекчилигине Азамат Жамангуловдун талапкерлиги каралып жатканда айтты.
Ал парламент "нотариуска" айланып калганын белгилеп, өкмөттүн курамындагы гендердик балансты сынга алды. Талиева санариптик өнүктүрүү министри Нурайым Кутнаеванын ордуна
эркек киши көрсөтүлүп жатканын жүйө кылып, буга чейин дагы аялдар өкмөттөн тез эле кетип жатканын белгиледи.
"Эмне үчүн өкмөттөн аялдар бат-баттан иштен алынууда. Жылдыз (Полотова) айым дагы Социалдык өнүктүрүү министрлигинен жүйөсү, себеби жок алынды. Эми Нурия (Кутнаева) айым дагы... Себебин билишибиз керек да, эмнеге кетти? Иштей албай койдубу? Минкабда гендердик баланс сакталбай жатканын буга чейин да айттым эле. Билим берүү министрин кетирип койгулачы. Ал деле кетсин. Анда такыр эркектердин өкмөтү деп "жаңгак үйүңөргө" жазып алгыла", — деди Талиева.
Жыйынтыгында Жогорку Кеңештин депутаттары Азамат Жамангуловдун Санариптик өнүктүрүү министрлигин жетектөөсүнө макул болду.