Жаналиев: сөөк союуга уруксат берген мыйзамды өзгөртүү зарыл
Жазылуу
Кыргыз медициналык академиясынын жана Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтутун профессору Болот Жаналиев эмне үчүн маркумдардын сөөгүн союуга уруксат берген мыйзамга өзгөртүү киргизүү зарылдыгын айтып берди.
Мурда киши көз жумган соң зарылчылык болсо сойгонго уруксат эле. 2005-жылы буга өзгөртүү киргизилип, жакындарынын макулдугун алуу милдеттүү талап болуп калган. Бул кыргыз медицинасына чоң кедергисин тийгизүүдө. Мындай пикирин Болот Жаналиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Жаналиев: сөөк союуга уруксат берген мыйзамды өзгөртүү зарыл
Анын айтымында, бул багытта адистердин тартыштыгы да курч турган маселелердин бири.
"Киши каза болгон соң аны союунун кажети канчалык деп ойлогондор жок эмес. Бирок бул — кыргыз медицинасы үчүн жана маркумдун жакындары үчүн абдан маанилүү кадам. Анткени учурда адам ооруканада, мейли башка шартта көз жумса, ошол жердеги дарыгердин бүтүмү менен гана коюлуп калууда. Бирок ачып көргөндө такыр башка нерседен каза болгон учурлар көп кездешет. Бул жерде дарыгердин катачылыгы да ачыкталышы ыктымал. Муну менен катар эле көзү өткөн адамдарды союу статистикага да таасирин тийгизет. Кайсы илдеттен же кесепеттен, кайсы дарыгердин тажрыйбасында өлүмдөр көбүрөөк болуп жатканынын статистикалары так ушул союудан соң түзүлүшү керек. Патанатомдор бардык эле сөөктөрдү ача бербейт, бул зарыл учурдагы маселе. Экинчиден, мурда аты-жөнү белгисиз адамдар, тактап айтканда, селсаяктар, сөөгүн алып кете турган жакындары жоктор каза болгондо ал медициналык окуу жайларга материал катары өткөрүп берилчү. Жаш адистер адам анатомиясын мына ушундай жол менен окуганда гана дасыккан адис болуп чыга алат. Ал кийин иш тажрыйбасында катачылыкты аз кетирет, демек, көптөгөн бейтаптардын өмүрүн сактап, узарткан дарыгер болот. Азыр болсо адам тирүү кезинде гана нотариалдык жактан күбөлөндүрүп, макул болгондо окуу жайларга берилет деп жазылган. Мындан сырткары, өлкөдө патологоанатом кесибин аркалагандар абдан тартыш. Республика боюнча 100дөй патологоанатом керек болсо, учурда муктаждык 30 пайызга гана жабылган", — деди Жаналиев.
Ал улуттук медицинанын сапатын жогорулатуу үчүн бул багыттагы мыйзамды кайрадан карап чыгуу зарылдыгы курч турганын кошумчалады.