https://sputnik.kg/20250212/bishkek-erkin-checheybayev-kyrsyk-1092019103.html
Саламаттык сактоо министри Жүрөк хирургиясында аккумулятор жарылганын билдирди
Саламаттык сактоо министри Жүрөк хирургиясында аккумулятор жарылганын билдирди
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Жүрөк хирургиясы институтунда жабдуулардын биринин аккумулятору жарылган. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев... 12.02.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-02-12T16:09+0600
2025-02-12T16:09+0600
2025-02-12T16:09+0600
кыргызстан
бишкек
эркин чечейбаев
кырсык
https://sputnik.kg/img/07e9/02/0c/1092018802_0:143:1280:863_1920x0_80_0_0_1f75f00937fa76ac46e77a024ed28c31.jpg
БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Жүрөк хирургиясы институтунда жабдуулардын биринин аккумулятору жарылган. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев парламенттин жыйынында билдирдиАнын айтымында, алдын ала маалымат боюнча, өрт жер төлөдөн чыккан.Белгилей кетсек, кечээ саат 21.00дөрдө Бишкектеги Кардиохирургия илим-изилдөө институтунда өрт чыккан. Анын кесепетинен 16 жаштагы өспүрүм менен ымыркай (1 жаш 7 ай) каза болгон. Жалын саат 23:15те толук өчүрүлүп, 260 адам (216сы бейтап, 44ү дарыгер) эвакуацияланган.
https://sputnik.kg/20250212/ort-koopsuzduk-erezhe-buzuldu-1092015517.html
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/02/0c/1092018802_0:146:1280:1107_1920x0_80_0_0_7c452d30697fe875960296f7f6666b9b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, бишкек, эркин чечейбаев, кырсык
кыргызстан, бишкек, эркин чечейбаев, кырсык
Саламаттык сактоо министри Жүрөк хирургиясында аккумулятор жарылганын билдирди
БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Жүрөк хирургиясы институтунда жабдуулардын биринин аккумулятору жарылган. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев парламенттин жыйынында билдирди
Анын айтымында, алдын ала маалымат боюнча, өрт жер төлөдөн чыккан.
"Азыр тиешелүү органдар өрттүн себебин аныктоо үчүн ал жакта иштерди жүргүзүп жатышат. Алдын ала маалыматтар боюнча, кубаттуу жабдуулардын биринин аккумулятору жарылган. Ал ушунчалык күчтүү болгондуктан эшик сыртка ийилип кеткен. Түтөп баштаганда күзөт кызматы дароо персоналга айткан. Алар терезелерди ачышкан. Түтүн 5-кабатта операция блогунан чыккан. Анан жандандыруу бөлүмү жайгашкан 4-кабатка өткөн. Бардык бейтаптар Улуттук кардиологиянын жандандыруу бөлүмүнө которулган. Айрым бейтаптар операциядан чыгып жандандыруу бөлүмүндө эле. Көз жумган балдар да операциядан чыккандыктан, абалы ансыз да оор болчу. Тилекке каршы, аларды сактай албадык", — деген Чечейбаев.
Белгилей кетсек, кечээ саат 21.00дөрдө Бишкектеги Кардиохирургия илим-изилдөө
институтунда өрт чыккан. Анын кесепетинен 16 жаштагы
өспүрүм менен ымыркай (1 жаш 7 ай) каза болгон. Жалын саат 23:15те толук өчүрүлүп, 260 адам (216сы бейтап, 44ү дарыгер) эвакуацияланган.