https://sputnik.kg/20250218/1092124167.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Жаңы гимнди жазууга жарыяланган сынак 21-апрелге чейин узартылат. Буга Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитети макулдугун берди. Маданият министринин... 18.02.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-02-18T09:00+0600
2025-02-18T09:00+0600
2025-02-18T09:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/02/12/1092124035_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_70839ad61421ecffcc0173a9f1645038.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Жаңы гимнди жазууга жарыяланган сынак 21-апрелге чейин узартылат. Буга Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитети макулдугун берди. Маданият министринин орун басары Тимурлан Ажымалиевдин айтымында, элден сунуштар дагы деле түшүүдө. "Ведомствого жаңы гимндин 16 долбоору келип түштү. Ал эми жумушчу топтун электрондук дарегине 234 адамдан 401 кайрылуу, сунуш түшүп, аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү", — деди Ажымалиев. Өлкөдө мамлекеттик гимндин тексти менен обонуна сынак жарыялаган. Сынактын жеңүүчүсү 1,5 миллион сом алары айтылган.
Кыргызстанда Орозо айы 1-мартта башталат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28-февралда таравих намазы окулуп, 1-мартта ооз бекитилет. Болжол менен орозо 30-мартта жыйынтыкталып, 31-мартта айт намазы окулары күтүлүүдө. Ошол эле учурда быйыл орозо 29 күнгө созулуп калышы ыктымал экени кошумчаланды.
Бишкекте 49 көмөк чордон техникалык тейлөөдөн өтөт. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. 2025-2026-жылдардын күз-кыш мезгилине карата Бишкек электр тармактар ишканасынын көмөк чордондор кызматы "Главная", "Нижняя-Ала-Арча", "Кант", "Лермонтов", "ДСК", "Водоканал" көмөк чордондордун 185 жабдуусун капиталдык оңдоодон, 49 көмөк чордондун 3180 жабдуусун техникалык тейлөөдөн өткөрүүнү пландоодо. Эске салсак, 2024-жылы энергетиктер тарабынан Бишкек шаарынын жана Чүй облусунунун аймагында жайгашкан 9 даана көмөк чордондун жабдуусу капиталдык оңдоодон өткөн. Ал эми калган 49 көмөк чордондун 3113 жабдуусу техникалык тейлөөдөн өткөрүлгөн. Маалымат: Бишкек электр тармактар ишканасынын балансында кВ – 2, 110 кВ – 30, 35 кВ – 17 жалпы 49 даана көмөк чордон бар.
Украинага Батыш Израилге бергендей эле коопсуздук кепилдигин камсыздашы керек. Бул тууралуу Владимир Зеленский NBC телеканалына маек куруп жатып айтканын РИА Новости жазды. "Израиль НАТОго кирбейт, бирок эмне үчүн бул өлкөлөр жардам беришти? Ирандын ракеталарын атып түшүргөнү жакшы, бирок Израиль альянста эмес да. Демек, АКШ, Франция, Улуу Британия баштаган мамлекеттерден өзгөчө коопсуздук кепилдигин алган. Бизге да ушундай керек", — деген Зеленский. Мындан тышкары, ал масштабдуу кол салууга туруштук берүү үчүн көп сандагы ракета талап кылууда.
18-февралга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңуп, тайгак болот. 18-фефралда республика боюнча күн ачык болот. Эрте менен айрым жерлерге туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүй, Баткенде +6...+11, Талас аймагында +5...+10, Ош, Жалал-Абад облустарында +7...+12, Ысык-Көл өрөөнүндө ...+5 градус жылуу болот. Нарында -2...+3 градуска чейин жылыйт. Борбор калаа Бишкекте жана Ош шаарында күндүн табы +8...+10 градуска чейин көтөрүлөт.
Жаңы гимнди жазууга жарыяланган сынак 21-апрелге чейин узартылат. Буга Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитети макулдугун берди. Маданият министринин орун басары Тимурлан Ажымалиевдин айтымында, элден сунуштар дагы деле түшүүдө. "Ведомствого жаңы гимндин 16 долбоору келип түштү. Ал эми жумушчу топтун электрондук дарегине 234 адамдан 401 кайрылуу, сунуш түшүп, аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү", — деди Ажымалиев. Өлкөдө мамлекеттик гимндин тексти менен обонуна сынак жарыялаган. Сынактын жеңүүчүсү 1,5 миллион сом алары айтылган.Кыргызстанда Орозо айы 1-мартта башталат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28-февралда таравих намазы окулуп, 1-мартта ооз бекитилет. Болжол менен орозо 30-мартта жыйынтыкталып, 31-мартта айт намазы окулары күтүлүүдө. Ошол эле учурда быйыл орозо 29 күнгө созулуп калышы ыктымал экени кошумчаланды.Бишкекте 49 көмөк чордон техникалык тейлөөдөн өтөт. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. 2025-2026-жылдардын күз-кыш мезгилине карата Бишкек электр тармактар ишканасынын көмөк чордондор кызматы "Главная", "Нижняя-Ала-Арча", "Кант", "Лермонтов", "ДСК", "Водоканал" көмөк чордондордун 185 жабдуусун капиталдык оңдоодон, 49 көмөк чордондун 3180 жабдуусун техникалык тейлөөдөн өткөрүүнү пландоодо. Эске салсак, 2024-жылы энергетиктер тарабынан Бишкек шаарынын жана Чүй облусунунун аймагында жайгашкан 9 даана көмөк чордондун жабдуусу капиталдык оңдоодон өткөн. Ал эми калган 49 көмөк чордондун 3113 жабдуусу техникалык тейлөөдөн өткөрүлгөн. Маалымат: Бишкек электр тармактар ишканасынын балансында кВ – 2, 110 кВ – 30, 35 кВ – 17 жалпы 49 даана көмөк чордон бар.Украинага Батыш Израилге бергендей эле коопсуздук кепилдигин камсыздашы керек. Бул тууралуу Владимир Зеленский NBC телеканалына маек куруп жатып айтканын РИА Новости жазды. "Израиль НАТОго кирбейт, бирок эмне үчүн бул өлкөлөр жардам беришти? Ирандын ракеталарын атып түшүргөнү жакшы, бирок Израиль альянста эмес да. Демек, АКШ, Франция, Улуу Британия баштаган мамлекеттерден өзгөчө коопсуздук кепилдигин алган. Бизге да ушундай керек", — деген Зеленский. Мындан тышкары, ал масштабдуу кол салууга туруштук берүү үчүн көп сандагы ракета талап кылууда.18-февралга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңуп, тайгак болот. 18-фефралда республика боюнча күн ачык болот. Эрте менен айрым жерлерге туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүй, Баткенде +6...+11, Талас аймагында +5...+10, Ош, Жалал-Абад облустарында +7...+12, Ысык-Көл өрөөнүндө ...+5 градус жылуу болот. Нарында -2...+3 градуска чейин жылыйт. Борбор калаа Бишкекте жана Ош шаарында күндүн табы +8...+10 градуска чейин көтөрүлөт.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/02/12/1092124035_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_6978db03f99598bfad1768661edf4634.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио