00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Министрлер кабинети маркумду көмүү жана мүрзөгө эстелик орнотуу тартибин бекитти. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгонун өкмөттөн маалымдашты. Анда булар сунушталган: адамдын тутунган динине жана социалдык абалына карабастан маркум жаткан жайдын үстүнө эстелик, монумент, статуяларды орнотуп, гранит, мрамор жана башка кымбат баалуу таштардан, темирлерден тосмолорду койбоо сунушталган. мүрзөнүн үстүнө коюла турган эстеликтин бийиктиги 70 сантиметрден жогору болбошу кажет. өтө зарыл болбосо бейитти тосмолобоо сунушталат; зарылдыгына карап, ысырапкорчулукка жана ашыкча чыгымга жол бербей, жыгачтан же башка чирибес материалдардан жөнөкөй тосмо жасаса болот. Документ "Сөөк коюу жана сөөк коюу иштери жөнүндөгү" мыйзамды, президенттин "Кыргыз Республикасынын "Сөөк коюу жана сөөк коюу иштери жөнүндөгү" мыйзамынын аткарылышы боюнча чаралар жөнүндөгү” жарлыгын ишке ашыруу жана маркумду көмүү, мүрзөгө эстеликтерди орнотуу маселелерин жөнгө салуу максатында иштелип чыккан.
Бажы кызматынын төрагалыгына Алмаз Салиев дайындалды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлады. Билдирмеге ылайык, Бажы кызматынын буга чейинки төрагасы Самат Исабеков башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу жетекчиликтен бошотулган. Ал эми 50 жаштагы Алмаз Салиев, Самат Исабековдуне ордуна Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Алмаз Салиев мурда аталган кызматтын жетекчисинин орун басары кызматын аркалап келген.
Дыйкандарга үч миң тонна дизель майы арзан сатылат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, быйыл жазгы талаа иштерине жалпы 42 миң тонна дизель, 12 миң тонна бензин керектелет. "15-январда министрлик менен түзгөн келишимге ылайык, Нефтетрейдерлер ассоциациясы күйүүчү май менен үзгүлтүксүз камсыздайт. Ошону менен бирге талаа жумуштарында дыйкандарды колдоо максатында үч миллион литр дизель 65 сомдон сатылууда", — деп айтылат маалыматта. Министрлик дыйкандар буудай, арпа, күрүч жана тамекинин үрөнү менен 90 пайыздын тегерегинде камсыздалганын кошумчалады.
Зеленский Украина НАТОго жана Евробиримдикке кошулмайынча президент бойдон калууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу ал телеканалдардын бирине берген маегинде билдирген. "Эгер эртең Украина Евробиримдик менен НАТОго кабыл алынса, анда менин мындан ары керегим жок болот. Бирок бул нерсе ишке ашпаса өз өлкөмдү коргойм", — деди Зеленский. Белгилей кетсек, буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп Украинада шайлоо өткөрүү зарылдыгын колдоп, Зеленскийдин рейтинги өтө төмөн экенин белгилеген. Киев режиминин башчысы буга "Трамп жалган маалымат мейкиндигинде жашап жатат" деп жооп берип, "эгер кимдир бирөө мени азыр өзгөрткүсү келсе, анда ал нерсе азыр ишке ашпайт" деп кошумчалаган. Ал ошондой эле украиналык компаниянын маалыматы боюнча, элдин ага болгон ишеними 57 пайызды түзүп жатканын айтты. Эске салсак, Киев режиминин башчысынын ыйгарым укуктары 2024-жылдын 20-майында аяктаган, бирок 2024-жылы өтө турган президенттик шайлоо аскердик абал жана жалпы мобилизация шылтоосу менен өтпөй калган.
Жаңылыктар түрмөгү
0