00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
18:54
6 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Манас Мусаев: Динара Асановага ашык экенимди убагында айта албай калдым...

© Sputnik / Н. Зубов / Медиабанкка өтүүКинорежиссёр, актриса, сценарист Динара Асанова. Архив
Кинорежиссёр, актриса, сценарист Динара Асанова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.02.2025
Жазылуу
Динара Асанованын "Тоңкулдактын башы оорубайт", "Башка бирөөгө берүүгө болбогон ачкыч" фильмдери Москвада, Италияда, Югославияда өткөн эл аралык фестивалдардын дипломдорун алган. Анын "Өспүрүмдөр" фильми СССРдин мамлекеттик сыйлыгына татыган. Тилекке каршы, режиссёр тирүүсүндө өз баасын ала албай калды.
Sputnik Кыргызстан радиосунун "Туяк" программасында мейманда белгилүү кинооператор, Кыргыз эл артисти Манас Мусаев болду. Ал бизге бир кезде чолпон жылдыздай жанып, бир катар фильмдерди жаратып, бирок тирүүсүндө бааланбаган кинорежиссёр, актриса, сценарист Динара Асанованын өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу сүйлөп берди.
— Манас агай, Динара Асанова экөөңүздөр тең 1942-жылы туулуп, кийин ВГИКте сиз кинооператорлукка, ал режиссерлукка бирге окуп калыпсыздар. Таанышканыңыздар тууралуу айтып берсеңиз?
— Динара менен 1960-жылы таанышкам. Киностудияга келип, кинооператордун жардамчысы болуп иштеп калдым. Динара "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" көркөм филиминде режиссердун жардамчысы экен. Валерий Арстанов, Нуртай Борбиев, Динара Асанова, Мария Урматова жана мен болуп бир курактагы ассистенттер элек. Ал кезде жаштардын бара турган жери эле кино болчу. Театрга деле көп барчу эмеспиз. "Ала-Тоо" аянтында чогулуп, киного барып жүрчүбүз. 1960-жылы Чыңгыз Айтматовдун чыгармасына таандык "Аптап" деген фильм тартыла баштады. Ошондо иштеп калды. Кийин Москвадагы ВГИКке тапшырып, чогуу окудук. Ошол жылдары армияга чакырылып, үч жыл кызмат кылдым. Келсем Динара институтту бүтүп, Ленинградда иштеп калыптыр. Абдан татынакай кыз эле, баарыбыз суктанчубуз. Ошентип дипломдук ишин Ленинградда тартып, ошол жакта калып калды. Мен ВГИКти бүтүргөн соң Фрунзеге келип, киностудияда кинооператор кызматын аркаладым.
© Sputnik / Асылбек БактыбековБелгилүү кинооператор, Кыргыз эл артисти Манас Мусаев
Народный артист КР, известный кинооператор Манас Мусаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.02.2025
Белгилүү кинооператор, Кыргыз эл артисти Манас Мусаев
— Ошол кезде Ленинград мектебинин режиссёру деген абдан барктуу наам экен. Асанова башкалардан эмнеси менен өзгөчөлөндү? Тема тандоо жаатындабы? "Мектеп киносу" деген термин да ошол кезде пайда болуптур…
— Менимче, Динаранын "Тоңкулдактын башы оорубайт" аттуу алгачкы фильми абдан популярдуу болду. Жаштар менен катар орто муундун адамдары да бул фильмди кызыгуу менен көрүп калдык. Ошондон кийин эле өспүрүмдөргө арналган тасмаларга басым жасап калды. Бирок ага чейин "Жена ушла" өңдүү улуу муундарга арналган фильмдери да болду. Бирок элге өспүрүмдөр тууралуу тасмалары менен таанылды.
Динара өспүрүмдөр менен жакшы иштешкен. Балдардын тилин заматта таап алчу. Каармандары окуучулар же андан да кичинекей балдар эле.
— ВГИКте окуп жүргөндө студенттик күндөрдү кандай өткөрдүңүздөр? Баары бир башка элде жердеш болуп калдыңыздар да…
— Институтта ар кимибиз өз окуубуз менен алек болдук, бирок бир жатаканада жашадык. Ал Михаил Ромм деген орустун улуу режиссерунун өнөрканасында, мен да андан кем эмес Александр Гальперин аттуу орустун мыкты кинооператорунун колунда тарбияландым. Кызыгы, Кыргызстандан барган Кадыржан Кыдыралиев, Марлис Туратбеков өңдүү балдардын баары ошол кишиден сабак алыптырбыз. Гальпериндин баласы жок болгондуктан окуучуларын балдарындай көрчү. Москвага барганда сөзсүз үйүнө барып учурашып кетчүбүз. Энциклопедиядай билимдүү адам болчу. Ал эми студенттик жылдарга кайтып келсек, сабактан кийин бири-бирибиздикине кирип чай ичишчүбүз. Динара көзү бакырайган абдан сулуу кыз эле да, жигиттердин баары ашык. Алардын катарында мен да бармын. Бирок өзүнө айтчу эмесмин. Абдан шайыр, бирөөнү сатпаган, эч кимге жамандыгы жок кыз болчу.
Армияда кызмат өтөп жүргөндө дем алууга чыгарат, анан мен дароо ВГИКтин жатаканасына барчумун. Динара чайын коюп тосуп алчу. Мария Урматова экөө бир бөлмөдө жашачу. Ал кезде армияда жалаң кара нан берчү эле. Динара ак нандын үстүнө майдан сүйкөп чай берип, коноктоп, анан жөнөтүшчү. Армиядан келсем экөө тең окууну бүтүп, турмушка чыгып кетишиптир.
© Sputnik / Галина Кмит / Медиабанкка өтүүКинорежиссёр, актриса, сценарист Динара Асанова
Кинорежиссёр, лауреат премии Ленинского комсомола Динара Асанова  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.02.2025
Кинорежиссёр, актриса, сценарист Динара Асанова
— Динара Асанова Николай Строганов, Владимир Ильин өңдүү кинооператорлор менен иштешиптир. Сиз да иштештиңизби?
— Жок, экөөбүз иштешпей калдык. Чынын айтканда, Кыргызстанда киностудиянын башкаруучулары жаш кыз катары Динарага көп деле көңүл бурушкан эмес. Ал кезде Төлөмүш Океев, Мелис Убукеевдер кезекте турган. Ага жумуш жок болуп калды. Ленинградда калып калуусунун себеби да ошол болду.
— Өткөн кылымдын 60-70-жылдары кыргыз адабияты, андан кийин кыргыз киносу гүлдөп-өсүп, "кыргыз керемети" деген атка татып турган учуру болгон. Тилекке каршы, Динара Асанованын өмүрү кыска болуп калды. Бирок жаштыгына карабай мыкты фильмдерди жаратты. Эгер узак жашаса, дагы кандай кинолорду тартмак болду экен...
— Динара экөөбүз чогуу кино тартууну да пландаганбыз. Жазуучу Кадыр Өмүркулов сценарийин жазып бермек. Ушинтип даярданып жатканбыз, бирок ишке ашпай калды. Аты эсимен чыгып жатат, орустун бир жазуучусунун "Жан" деген чыгармасы бар болчу. Ошонун негизинде кино тарталы деген оюбуз бар эле. Сценарийи да жазылбай калды.
— Динара Асанованын атасы журналист болгон дешет. Үй-бүлөсүн билип калдыңызбы?
— Атасын көрбөй калдым. Ал киши Динара курсакта кезде согушка кетип, курман болуптур. Апасын жакшы билчүмүн. Анткени үйлөрүбүз жакын болчу. Клара деген эжеси бар эле. Абдан жакшы кишилер болчу. Бир жолу Москвада Динара телефон чалып "Манас, келчи" деп чакырды. Жатаканага барсам, бир чара палоо турат. Көрсө апасы бир чара палоо басып, ороп, учак менен берип жибериптир. Өтө муздай элек экен. Бир аз эле жылытып жеп алганыбыз эсимде.
Жаштык кылып, уялып, сезимимди ачык айта албай койдум. Ал "Пацаны" ("Өспүрүмдөр" — ред.) фильмин тартты, мен болсо дипломумду кеч алдым. Ошентип окууну бүтөрүм менен Фрунзедеги киностудияга кирип, улам бир фильмди тартып иштеп жүрүп, дипломду кийинчерээк коргодум. Москвага барсам, Динара да жүрүптүр. Ал Ленинграддан келип, курбусун күтүп окуу жай тарапта туруптур. Ошентип жолугуп, Мосфильмде иштеген жакшы таанышынын үйүнө барып, чай ичип, таң атканча сүйлөшүп отурдук. Ал кезде турмушка чыгып, Анвар аттуу балалуу болуп калган. Менин да улуу кызым Канышай төрөлгөн. Ошондо Динара "экөөбүз бирге боло албадык, балким, балдарыбыз таанышып калар" деди. Балдарыбыз да таанышкан жок. Ар кимисинин өз тагдыры болот экен.
© Sputnik / В. Лагранж / Медиабанкка өтүүКинорежиссёр, актриса, сценарист Динара Асанова
Кинорежиссер, лауреат премии Ленинского комсомола Динара Асанова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.02.2025
Кинорежиссёр, актриса, сценарист Динара Асанова
— Убагында сезимиңизди билдирбегениңизге өкүнгөн учурлар болобу?
— Албетте, өкүнөм. Сезимимди айтсам мүмкүн баш кошуп калар белек. Ал деле менин ашыктыгымды байкачу экен, Москвада жолукканыбызда айтты. Динаранын деле мага сезими болуптур. Ал да тартынып билдире албаптыр. Кийин Мурманскиде кино тартып жүрүп каза болуп калды. Сөөгүн алып келгенде тартуучу топ менен кошо белгилүү кино ишмерлери да келип, Динара "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган. Апасынын жанынан орун алды.
— Кийин мектеп темасында кино тартып, анын жолун улантуучулар болдубу?
— СССР кулагандан кийин кино тартуу токтоп калды. Бизде эми жанданып жатат. Кыздар арасынан деле эгемен Кыргызстанда режиссёрлор чыкты. Алардын бири — Далмира Тилепбергенова. Абдан таланттуу кыз экен. Бирок азыраак тартып жатат. Талыкпай эмгектене берсе мыкты режиссёр чыкчудай.
— Учурда Динара Асанованы эскерип, эмгектерин баалоого кандай көңүл бурулуп жатат?
— Негизи өтүп кеткен киночуларды эскерип туруу жакшы нерсе. Быйыл Динаранын көз жумганына 40 жыл болот, 17-ноябрда эскерүү иш-чарасын өткөрөбүз.
Негизи кыргыз киносу айымдардан башталган деп айтсак жарашат. Кыргыз киносун сөз кылганда Мелис Убукеев, Болот Шамшиев, Төлөмүш Океев, Геннадий Базаров менен гана чектелбей, Лилия Турусбекова менен Динара Асанованын да атын айта жүрүшүбүз керек.
Комуз менен акын. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.01.2025
Бүгүнкү күндү 170 жыл мурун көргөн олуя акын. Туяк Эрназар уулун эскерүү
Жаңылыктар түрмөгү
0