https://sputnik.kg/20250330/zhaparov-ehrdogan-menen-telefon-arkyluu-sujloshtu-1092996373.html
Жапаров Эрдоган менен Түркиядагы абалды талкуулады
Жапаров Эрдоган менен Түркиядагы абалды талкуулады
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Түркия лидери Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди. 30.03.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-03-30T20:16+0600
2025-03-30T20:16+0600
2025-03-30T20:16+0600
кыргызстан
түркия
садыр жапаров
режеп тайип эрдоган
сүйлөшүүлөр
телефон
митинг
https://sputnik.kg/img/07e9/03/1e/1092996106_0:160:3072:1888_1920x0_80_0_0_b8d779b0824fd6dd53bc3a6a60fd0a5c.jpg
БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Түркия лидери Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.Анын жүрүшүндө Жапаров Эрдоганды жана бүтүн түрк элин Орозо айт майрамы менен куттуктап, ушул ыйык күнү тынчтык, жакшылык жана береке каалады.Президент Түркиядагы соңку окуяларга байланыштуу тынчсыздануусун айтып, Бишкектен кырдаалды дайым байкап тургандыгын, кырдаал тез арада турукташарына үмүт артарын билдирди. Ал Түркия жетекчилигинин тынчтыкты, ынтымакты жана өлкөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча аракеттерин колдой турганын белгиледи.Жапаров кыргыз-түрк мамилелеринин динамикалуу өнүгүүсүн канааттануу менен белгилеп, Эрдогандын Кыргызстанга жасаган сапары тарыхый мааниге ээ болгонун жана эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгүнө жаңы дем бергенин айтты. Буга байланыштуу жетишилген макулдашууларды өз убагында жана сапаттуу ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилеп өттү.Эки өлкөнүн лидерлери эки тараптуу жана көп тараптуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулап, аларды ишке ашыруу боюнча пландарды белгилешти.
https://sputnik.kg/20250330/sadyr-zhaparov-orozo-ayt-kuttuktoo-1092987801.html
түркия
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/03/1e/1092996106_171:0:2902:2048_1920x0_80_0_0_db89f52d40b28cbab0a0622dfc1729a1.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, түркия, садыр жапаров, режеп тайип эрдоган, сүйлөшүүлөр, телефон, митинг
кыргызстан, түркия, садыр жапаров, режеп тайип эрдоган, сүйлөшүүлөр, телефон, митинг
БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Түркия лидери Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Анын жүрүшүндө Жапаров Эрдоганды жана бүтүн түрк элин Орозо айт майрамы менен куттуктап, ушул ыйык күнү тынчтык, жакшылык жана береке каалады.
Президент Түркиядагы соңку окуяларга байланыштуу тынчсыздануусун айтып, Бишкектен кырдаалды дайым байкап тургандыгын, кырдаал тез арада турукташарына үмүт артарын билдирди. Ал Түркия жетекчилигинин тынчтыкты, ынтымакты жана өлкөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча аракеттерин колдой турганын белгиледи.
Жапаров кыргыз-түрк мамилелеринин динамикалуу өнүгүүсүн канааттануу менен белгилеп, Эрдогандын Кыргызстанга жасаган сапары тарыхый мааниге ээ болгонун жана эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгүнө жаңы дем бергенин айтты. Буга байланыштуу жетишилген макулдашууларды өз убагында жана сапаттуу ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилеп өттү.
Эки өлкөнүн лидерлери эки тараптуу жана көп тараптуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулап, аларды ишке ашыруу боюнча пландарды белгилешти.