https://sputnik.kg/20250403/kyrgyzstan-lira-samykbayeva-mektep-1093081208.html
Министрлик эмделбеген балдар мектепке кабыл алынбай турганын эскертти
Министрлик эмделбеген балдар мектепке кабыл алынбай турганын эскертти
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Эмделбеген балдар мектепке кабыл алынбайт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаева түз эфирде... 03.04.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-04-03T10:02+0600
2025-04-03T10:02+0600
2025-04-03T10:03+0600
кыргызстан
мектеп
билим берүү
лира самыкбаева
https://sputnik.kg/img/07e4/09/01/1049489909_0:161:3067:1886_1920x0_80_0_0_3451446f23154f43f7d0ff0c21601c1c.jpg
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Эмделбеген балдар мектепке кабыл алынбайт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаева түз эфирде билдирди.Анын айтымында, мектепке кабыл алуу санариптештирилип, баланы каттоо автоматтык түрдө (ата-эненин макулдугу керек) жүргүзүлүүдө. Бирок бала эмдөөлөрдү алганы жана медициналык кароодон өткөнү боюнча маалым кат кагаз түрүндө талап кылынат. Самыкбаева бул маалым каттарды 15-августтан кийин мектепке алып баруу керектигин белгиледи.Ошондой эле ал электрондук күбөлүк менен мектепке каттоо дагы бириктирилип, окуучунун жеке маалыматтары дагы дароо толтуруларын кошумчалады.
https://sputnik.kg/20250401/bilim-pisa-2025-okuuchu-mektep-1093033484.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e4/09/01/1049489909_169:0:2898:2047_1920x0_80_0_0_777ad903d4068bfef60005f95eae7514.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, мектеп, билим берүү, лира самыкбаева
кыргызстан, мектеп, билим берүү, лира самыкбаева
Министрлик эмделбеген балдар мектепке кабыл алынбай турганын эскертти
10:02 03.04.2025 (Жаңыртылды: 10:03 03.04.2025) БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Эмделбеген балдар мектепке кабыл алынбайт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаева
түз эфирде билдирди.
Анын айтымында, мектепке кабыл алуу санариптештирилип, баланы каттоо автоматтык түрдө (ата-эненин макулдугу керек) жүргүзүлүүдө. Бирок бала эмдөөлөрдү алганы жана медициналык кароодон өткөнү боюнча маалым кат кагаз түрүндө талап кылынат. Самыкбаева бул маалым каттарды 15-августтан кийин мектепке алып баруу керектигин белгиледи.
"Эмдөөдөн өтпөгөн балдар мектепке кабыл алынбайт. Бул тиешелүү токтом менен бекитилген. Келечекте бул медициналык маалым каттарды автоматтык түрдө алуу боюнча иш жүрүүдө", — деди Самыкбаева.
Ошондой эле ал электрондук күбөлүк менен мектепке каттоо дагы бириктирилип, окуучунун жеке маалыматтары дагы дароо толтуруларын кошумчалады.