https://sputnik.kg/20250408/biylik-elektrosamokat-tartip-bekitti-1093197253.html
Бийлик электросамокаттарды колдонуу тартибин бекитти
Бийлик электросамокаттарды колдонуу тартибин бекитти
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Министрлер кабинети электросамокат, гидроскутер, сигвей жана монодөңгөлөктөрдү колдонуунун тартибин бекитти. 08.04.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-04-08T18:23+0600
2025-04-08T18:23+0600
2025-04-08T18:23+0600
кыргызстан
министрлер кабинети
электросамокат
самокат
токтом
тартип
эреже
скутер
https://sputnik.kg/img/07e7/0a/06/1079199823_0:0:3072:1728_1920x0_80_0_0_cf32a8988c13b0f3ede6ae0d3024b242.jpg
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Министрлер кабинети электросамокат, гидроскутер, сигвей жана монодөңгөлөктөрдү колдонуунун тартибин бекитти.Бул боюнча токтом кабыл алынып, андагы талаптардын көбү мобилдүү каражаттарды ижарага бергендерге тиешелүү болду.Эрежелердин тартиби:
https://sputnik.kg/20250324/aydoochu-zhol-erezhe-synak-sadyr-zhaparov-1092830509.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/0a/06/1079199823_0:0:2732:2048_1920x0_80_0_0_6c38162612a7d5f936f96114e17545fe.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, министрлер кабинети, электросамокат, самокат, токтом, тартип, эреже, скутер
кыргызстан, министрлер кабинети, электросамокат, самокат, токтом, тартип, эреже, скутер
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Министрлер кабинети электросамокат, гидроскутер, сигвей жана монодөңгөлөктөрдү колдонуунун тартибин бекитти.
Бул боюнча токтом кабыл алынып, андагы талаптардын көбү мобилдүү каражаттарды ижарага бергендерге тиешелүү болду.
ижарачыда коопсуздук эрежелери, тарифтер жана компаниянын ички саясатын камтыган мобилдик тиркемеси болушу керек. Ал самокатты ижарага алып жаткан адамдан паспорт же башка өздүгүн тастыктаган документин талап кыла алат;
ижарачы менен колдонуучунун ортосунда келишим ачык оферта аркылуу түзүлөт. Ишкер колдонуучунун коопсуздугун камсыз кылуу үчүн жана өзүнүн техникасын коргоо үчүн камсыздандыруу жасай алат. Алар транспорттун техникалык абалын ар дайым текшерип турушу керек;
мобилдик транспортто каттоо номери, чырак, арткы стоп-чырактар, жарык чагылдыруучу каражаттар жана ылдамдыкты саатына 25 чакырымга чектеген түзүлүш болушу шарт;
транспорттор атайын бөлүнгөн жерден ижарага берилиши керек. Эгерде аны колдонгон адам жолдун ортосуна таштап кетсе, ижарачы аны дароо алып кетиши зарыл. Жергиликтүү бийлик электросамокаттар жолдо 3 сааттан ашык туруп калса аны алып кетип, ижарачыга айып төлөгөндөн кийин берет;
ири иш-чараларда ижарага берүү убактылуу чектелет;
самокат тээп бараткан адам башка бирөөнүн ден соолугуна зыян келтирсе мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылат.