https://sputnik.kg/20250408/gepatittin-v-s-turu-menen-oorugandardyn-sany-27-minden-ashty-1093184864.html
Гепатиттин В, С түрү менен ооругандардын саны 27 миңден ашты
Гепатиттин В, С түрү менен ооругандардын саны 27 миңден ашты
Sputnik Кыргызстан
Республикалык кан аркылуу жугуучу вирустук гепатитти жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борборунун дарыгери Баккелди Жумабеков өлкөдө... 08.04.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-04-08T15:22+0600
2025-04-08T15:22+0600
2025-04-08T15:22+0600
радио
кыргызстан
гепатит
вирус
боор
медицина
баккелди жумабеков
https://sputnik.kg/img/07e9/04/08/1093185668_0:0:3067:1725_1920x0_80_0_0_be55ce53eb43bb8e80759dd29da05f10.jpg
Гепатиттин В, С түрү менен ооругандардын саны 27 миңден ашты
Sputnik Кыргызстан
Гепатиттин В, С түрү менен ооругандардын саны 27 миңден ашты
Кыргызстанда гепатиттин В, С түрү менен ооругандардын саны 27 миңден ашты. Бул көрсөткүч дагы өзгөрүшү мүмкүндүгүн Баккелди Жумабеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.Анын айтымында, буга чейин кан аркылуу жугуучу вирустук гепатитти козөмөлдөгөн өлкө боюнча бир дагы орган болгон эмес.Ошондой эле ал Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында боор ооруларын алгачкы баскычта аныктоо жана боор рагын алдын алуу үчүн фиброэластография кабинеттери ачылып, заманбап FibroScan аппараты менен жабдылганын кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/04/08/1093185668_338:0:3067:2047_1920x0_80_0_0_88c654b756a3a1914f2506622afe046c.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, гепатит, вирус, боор, медицина, аудио, баккелди жумабеков
кыргызстан, гепатит, вирус, боор, медицина, аудио, баккелди жумабеков
Гепатиттин В, С түрү менен ооругандардын саны 27 миңден ашты
Республикалык кан аркылуу жугуучу вирустук гепатитти жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борборунун дарыгери Баккелди Жумабеков өлкөдө гепатитке чалдыккан адамдардын так саны аныкталарын айтты.
Кыргызстанда гепатиттин В, С түрү менен ооругандардын саны 27 миңден ашты. Бул көрсөткүч дагы өзгөрүшү мүмкүндүгүн Баккелди Жумабеков
Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, буга чейин кан аркылуу жугуучу вирустук гепатитти козөмөлдөгөн өлкө боюнча бир дагы орган болгон эмес.
"Республикалык кан аркылуу жугуучу вирустук гепатитти жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борбору 2022-жылдын аягында түзүлгөн. Ага чейин СПИД борбору деп эле аталган. Борбор ВИЧ инфекциясын көзөмөлдөө, дарылоо, профилактика иштери менен алектенген. Кийин функциясы өзгөрдү. Негизи кан аркылуу жугуучу вирустук гепатитти көзөмөлдөгөн бир дагы орган болгон эмес. Гепатиттин В, С түрү менен ооругандардын саны 5 миң деп белгиленип, ошого жараша дарылар алынган. Бирок февраль айындагы маалымат боюнча, 27 312ни түздү. Анын ичинен гепатиттин В түрүн жугузуп алгандардын саны 16 448 болуп, анын 4850сү дарыланып жатат. Алардын арасынан 2 463 бейтап гепатиттин бириктирилген В-D түрү менен ооруйт. Ал эми гепатиттин С түрүнө чалдыккандардын саны — 8401. Мындан ары мониторинг иштери күчөтүлүп, такталган маалыматтар берилет", — деди Жумабеков.
Ошондой эле ал Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында боор ооруларын алгачкы баскычта аныктоо жана боор рагын алдын алуу үчүн фиброэластография кабинеттери ачылып, заманбап FibroScan аппараты менен жабдылганын кошумчалады.