Кыргыз автономиялуу облусунун төрагасынын биринчи орун басары Жусуп Абдрахманов (1-катарда ортодо). Пишпек-Фрунзе, 1925-1927-жылдар.
1920-жылдардын башында Кыргызстандын туңгуч аскердик элитасы түптөлө баштаган. Ал эми 1927-жылы Кеңеш өкмөтү Кызыл армиянын резервин камсыздаш үчүн өлкөбүздүн коргоо, авиациялык жана химиялык курулушуна көмөктөшө турган коом (Осоавиахим) түптөйт. Кыргызстандагы Осоавиахимдин алгачкы жетекчиси Жусуп Абдрахманов болгон. Коомдун башкы максаты калкты спорт менен машыктырып, мылтык жана тапанчадан жакшы атканды үйрөтүү эле.

Ташкент шаарындагы Бириккен улуттук аскердик мектептин бүтүрүүчүсү Абдували Курбаналиев (алдыда) ыктыярчыларды машыктырууда. Жалал-Абад аймагынын аскердик комиссариаты, 1926-жыл, жай айлары.
Спорт, ок атуу боюнча мелдештер өткөрүлүп, мыктылар атайын төш белги менен сыйланган. 1934-жылдан 1941-жылга чейин, түрдүү маалымат боюнча, 6 миллиондон 9 миллионго чейин аткыч сыйланган. Осоавиахим 1928-жылы Москвада парашюттан секирүү боюнча отряд түзөт. Жаштар арасында спорттун бул түрү абдан популярдуу эле, көбү учкуч болууну самашкан.

Кыргыздын ичинен чыккан алгачкы аскердик учкуч Абдували Курбаналиев кесиптештери менен. Кисловодск, 1930-жылдар.
1930-жылдардын башында борбор калаада жаштар өз ыктыяры менен аэроклуб салышкан. Кыргызстандык командир Абдували Курбаналиев Оренбург аскердик-пилот жана байкоочу-учкуч мектебин да ошол мезгилде бүтүрөт. Абдували Ташкенттеги аткыч-бомбардировщик даярдаган аскердик мектепте тактикадан сабак берген.

Фрунзе аэроклубунун инструктору Касым Ормокоев жубайы Азиза менен, Фрунзе, 1935
Касым Ормокоев Москвадагы авиациялык институтту аяктаган экинчи кыргызстандык аскердик учкуч эле. Ал Фрунзе аэроклубунда учкучтарды даярдай баштайт. Мында Ысмайылбек Таранчиев, Чоюн Алиев, Салих Шимов өңдүү учкучтар баштапкы даярдыктан өткөн.

Абдували Курбаналиев (оң жакта) кесиптеши менен аскердик топография сабагы боюнча кеңешүүдө. Одесса аскердик пилоттор мектеби. Фрунзе, 1942-жыл.
Согуш башталганда командачылык Курбаналиевди Ташкенттен борборго которуп, 24-аскердик учкуч мектебин түптөө буйругу берилет. 1941-жылы алгачкы курсанттар кабыл алынган. Алардын арасында Фрунзе аэроклубунун курсанттары: Ысмайылбек Таранчиев, Чоюн Өмүралиев, Талгат Бегелдиновдор бар эле. Курбаналиев ден соолугуна байланыштуу фронтко бара албай, ага кадр даярдоо вазийпасы жүктөлгөн.

Фрунзе аэроклубунун инструктору Касым Ормокоев, 1939
Касым Ормокоев кан майданга аттанып, 1942-жылы Сталинграддагы аба салгылашта каза болгон. Бул эрдиги үчүн аны командачылык Улуу Ата Мекендик согуштун II даражадагы ордени менен сыйлаган.

Одесса учкучтар мектебинин мугалимдери. Фрунзе, 1943-жыл.
1941-декабрда борбор калаадагы 24-аскердик учкуч мектебинин базасында Одессадан көчүп келген аскердик учкуч училищеси түзүлөт. Абдувалиев аскердик топография менен тактикасы боюнча мугалим болуп бекитилип, кошумча кадрлар бөлүмүн жетектейт. Согуш учурунда бул окуу жай 1 507 аскердик учкучту жана жүздөгөн инженер, техниктерди даярдаган. Жети бүтүрүүчүсү Советтер Союзунун Баатыры деген наамга ээ болгон.

Фрунзе аэроклубунун алгачкы курсанттарынын бири Салих Шимов (сол жакта) борбор калаадагы аэропортто жумуш учурунда, 1970-жылдар
Дунган улутундагы кыргызстандык аскердик учкуч Салих Шимов Бугуруслан шаарындагы Жогорку аскердик-авиациялык училищеде кадр даярдаган

Студенттер жарадар болгон аскерге алгачкы жардам берүүнү үйрөнүүдө, 1941-1942-жылдар
1941-1945-жылдары Кыргызстандагы Осоавиахимдин бөлүмү Ворошилов аткычынын 1 жана 2-даражасындагы 63 923 аткыч, 17 980 пулемёт аткычын, 16 765 байланыш адисин, 26 678 миномёт аткычын, 11 734 медайым жана санинструктор даярдаган. Мындан сырткары, фронтту миңдеген башка адистер менен камсыздап берген. 1944-жылы Кыргызстандагы Осоавиахим мүчөлөрү чогулткан акчага танкалык колонна салынган.

Одесса учкукучтар мектебинин мугалими Абдували Курбаналиев. Фрунзе, 1940-жылдар.
Улуу Ата Мекендик согуш бүткөндөн кийин Одесса учкучтар мектебинин мугалими Абдували Курбаналиев Кызыл Жылдыз ордени менен сыйланган. Ал эми Бугуруслан шаарындагы Жогорку аскердик-авиациялык училищенин инструктору Салих Шимовго 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта фашисттик Германияны жеңгени үчүн медалы ыйгарылган. Кан майданда анын атасы менен эки бир тууганы да курман болушкан.