https://sputnik.kg/20250408/ruslan-zhakyshov-ekzamen-zhol-erezhe-koopsuzduk-deputat-1093189504.html
Депутат: эреже билбеген "гаишниктер" кантип экзамен алат?
Депутат: эреже билбеген "гаишниктер" кантип экзамен алат?
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Жакышов айдоочуларды сынактан өткөрүүдөн мурун инспекторлордун билимин текшерүүгө чакырды. 08.04.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-04-08T16:57+0600
2025-04-08T16:57+0600
2025-04-08T16:57+0600
кыргызстан
экзамен
жол эрежеси
коопсуздук
депутат
русланбек жакышов
видео
https://sputnik.kg/img/07e7/05/1f/1075831338_0:168:3072:1896_1920x0_80_0_0_321d701b01deaf9c7a4ba5b3160dc6d4.jpg
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Жакышов айдоочуларды сынактан өткөрүүдөн мурун инспекторлордун билимин текшерүүгө чакырды.Анын айтымында, 4-5 жыл мурда жол милициясынын жетекчилик кызматтагы өкүлү коопсуздук курун тагынганды билбей, элге уят болгон.Депутат 1-сентябрдан тарта айдоочулардан жол эрежелерин ким сурап, кандай тартипте суроолор берилерине кызыкты."Азыр суроолорду берүүнүн механизмин иштеп чыгып жатабыз. Ар кандай варианттар болууда. Дагы бир жолу айтайын, жол эрежесин бузгандар гана оозеки суралат. Эреже менен бараткандарды сурамак түгүл токтотконго акыбыз жок. Гаишник токтотуп алып эле "буга жооп бер" деп сынакка жөнөткөнгө жол бербейбиз", — деди ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев.Буга депутат аталган демилге коррупциялык тобокелдиктерди жаратышы ыктымал экенин кошумчалады.Эске салсак, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, 1-сентябрдан баштап эреже бузгандардын айдоочулук билими текшерилет.
https://sputnik.kg/20250120/ukmk-kylmysh-korruptsiya-osh-oblusu-1091538380.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/05/1f/1075831338_0:0:2732:2048_1920x0_80_0_0_50b5ae763274dd6cb4f7cc0a19a9ad9a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, экзамен, жол эрежеси, коопсуздук, депутат, русланбек жакышов, видео
кыргызстан, экзамен, жол эрежеси, коопсуздук, депутат, русланбек жакышов, видео
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Жакышов айдоочуларды сынактан өткөрүүдөн мурун инспекторлордун билимин текшерүүгө чакырды.
Анын айтымында, 4-5 жыл мурда жол милициясынын жетекчилик кызматтагы өкүлү коопсуздук курун тагынганды билбей, элге уят болгон.
"Ошондой эреже билбеген "гаишниктер" жол эрежелерин кантип сурайт? Айдоочуларды сынактан өткөрүүдөн мурун жол милициясынын билимин текшериш керек", — деди эл өкүлү.
Депутат 1-сентябрдан тарта айдоочулардан жол эрежелерин ким сурап, кандай тартипте суроолор берилерине кызыкты.
"Азыр суроолорду берүүнүн механизмин иштеп чыгып жатабыз. Ар кандай варианттар болууда. Дагы бир жолу айтайын, жол эрежесин бузгандар гана оозеки суралат. Эреже менен бараткандарды сурамак түгүл токтотконго акыбыз жок. Гаишник токтотуп алып эле "буга жооп бер" деп сынакка жөнөткөнгө жол бербейбиз", — деди ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев.
Буга депутат аталган демилге коррупциялык тобокелдиктерди жаратышы ыктымал экенин кошумчалады.
Эске салсак, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, 1-сентябрдан баштап эреже бузгандардын
айдоочулук билими текшерилет.