https://sputnik.kg/20250408/tramp-kytajga-koshumcha-bazhy-alymyn-kirgizishi-mumkun-1093175960.html
Трамп Кытайга 50%дык кошумча бажы алымын киргизерин айтып опузалады
Трамп Кытайга 50%дык кошумча бажы алымын киргизерин айтып опузалады
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп эгер Кытай жооп кайтарууга аракет кылса, буга чейин жарыяланган бажы алымына дагы 50 пайыздык пошлина... 08.04.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-04-08T10:16+0600
2025-04-08T10:16+0600
2025-04-08T10:16+0600
дүйнөдө
акш
кытай
пошлина
товар
соода
экономика
дональд трамп
https://sputnik.kg/img/07e9/04/08/1093174772_0:0:3071:1728_1920x0_80_0_0_cf349f411abddb8ed6e7ba529ee41e13.jpg
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп эгер Кытай жооп кайтарууга аракет кылса, буга чейин жарыяланган бажы алымына дагы 50 пайыздык пошлина кошушу мүмкүн экенин айтты. Бул тууралуу Truth Social соцтармагына жазганын РИА Новости кабарлады.Кытайдын Мамлекеттик кеңеши АКШдан келген товардын бардык түрүнө 34 пайыздык кошумча тариф киргизилерин билдирген. Токтом 10-апрелден тарта күчүнө кирмек. Мындай кадам Америка бийлигинин ушундай эле аракетине жооп иретинде жасалган эле.Эскерте кетсек, АКШ президенти Дональд Трамп 2-апрелде импортко бажы алымы киргизилерин жар салган. Вашингтондун мындай чечими бир топ дүйнө лидерлерин бушайманга салган болчу. Эң азы 10 пайыз деп белгиленип, сумма ар өлкө Американын товарын ташыган компаниялардан алган каражаттын жарымына барабар болору айтылган.Аталган тизмеде Россия менен Беларусь жок.Америка президентинин айтымында, бажы алымын киргизүү АКШнын экономикалык көз карандысыздыгынын декларациясы болуп, мамлекеттик карыздан кутулуу үчүн ири суммадагы каражатты колдонууга жардам берет. Ал эми өлкөнүн финансы министри Скотт Бессент пошлина киргизилген мамлекеттерди жооп кайтаруудан оолак болууга чакырып, андай аракеттер соодадагы абалды курчутуп жиберерин эскерткен.АКШ буга чейин Мексика менен Канададан келген товарларга 25, Кытайга 20 пайыздык бажы алымын киргизген болчу. Вашингтон өз чечимин мыйзамсыз миграция менен күрөшүү жана фентанилдин келишине бөгөт коюу үчүн деп түшүндүргөн.
https://sputnik.kg/20250406/aksh-kytaj-donald-tramp-bazhy-alymdary-sayasat-1093146413.html
акш
кытай
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/04/08/1093174772_205:0:2936:2048_1920x0_80_0_0_8887445deb0ccc671a7a1c419034f51e.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, кытай, пошлина, товар, соода, экономика, дональд трамп
дүйнөдө, акш, кытай, пошлина, товар, соода, экономика, дональд трамп
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп эгер Кытай жооп кайтарууга аракет кылса, буга чейин жарыяланган бажы алымына дагы 50 пайыздык пошлина кошушу мүмкүн экенин айтты. Бул тууралуу Truth Social соцтармагына жазганын
РИА Новости кабарлады.
Кытайдын Мамлекеттик кеңеши АКШдан келген товардын бардык түрүнө 34 пайыздык кошумча тариф киргизилерин билдирген. Токтом 10-апрелден тарта күчүнө кирмек. Мындай кадам Америка бийлигинин ушундай эле аракетине жооп иретинде жасалган эле.
"Эгерде Пекин эртеңкиге чейин оюнан баш тартпаса, АКШ кытайлык товарларга 9-апрелден тарта кошумча 50 пайыздык бажы алымын киргизет. Шарт аткарылбаса алардын жолугушуу өтүнүчү четке кагылат да, талкууну каалап жаткан калган мамлекеттердин баары менен сүйлөшүүлөр дароо башталат", — деп жазды Трамп.
Эскерте кетсек, АКШ президенти Дональд Трамп 2-апрелде импортко бажы алымы киргизилерин жар салган. Вашингтондун мындай чечими бир топ дүйнө лидерлерин бушайманга салган болчу. Эң азы 10 пайыз деп белгиленип, сумма ар өлкө Американын товарын ташыган компаниялардан алган каражаттын жарымына барабар болору айтылган.
Аталган тизмеде Россия менен Беларусь жок.
Америка президентинин айтымында, бажы алымын киргизүү АКШнын экономикалык көз карандысыздыгынын декларациясы болуп, мамлекеттик карыздан кутулуу үчүн ири суммадагы каражатты колдонууга жардам берет. Ал эми өлкөнүн финансы министри Скотт Бессент пошлина киргизилген мамлекеттерди жооп кайтаруудан оолак болууга чакырып, андай аракеттер соодадагы абалды курчутуп жиберерин эскерткен.
АКШ буга чейин Мексика менен Канададан келген товарларга 25, Кытайга 20 пайыздык бажы алымын киргизген болчу. Вашингтон өз чечимин мыйзамсыз миграция менен күрөшүү жана фентанилдин келишине бөгөт коюу үчүн деп түшүндүргөн.