https://sputnik.kg/20250409/kyrgyzstan-tunduk-birdiktuu-uluttuk-kholding-tuzuu-1093211227.html
Кыргызстанда "Түндүктүн" базасында бирдиктүү улуттук холдинг түзүлөт
Кыргызстанда "Түндүктүн" базасында бирдиктүү улуттук холдинг түзүлөт
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Кыргызстанда "Түндүк" мамлекеттик мекемесинин базасында бирдиктүү улуттук холдинг түзүлөт. Бул тууралуу Sputnik маалымат борборунда... 09.04.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-04-09T13:27+0600
2025-04-09T13:27+0600
2025-04-09T14:42+0600
кыргызстан
санариптештирүү
түндүк
санариптик өнүктүрүү министрлиги
азамат жамангулов
холдинг
пресс-борбор
https://sputnik.kg/img/07e7/03/02/1073271698_0:61:1598:960_1920x0_80_0_0_50f96ca5b8404c01e987caaba2601b17.jpg
БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Кыргызстанда "Түндүк" мамлекеттик мекемесинин базасында бирдиктүү улуттук холдинг түзүлөт. Бул тууралуу Sputnik маалымат борборунда өткөн брифингде санариптик өнүктүрүү министри Азамат Жамангулов билдирди.Анын айтымында, холдинг бардык мамлекеттик кызматтарды иштеп чыгуу, ишке ашыруу, координациялоо жана аларды бирдиктүү терезе аркылуу көрсөтүү менен алектенет.Ал белгилегендей, санариптештирүү жолунда алгач эле социалдык секторлордо реформалар жүргүзүлөт. Бул Билим берүү жана илим министрлиги менен Саламаттык сактоо министрлигине тиешелүү."Кыргызстанда санариптик трансформация жарыялангандан кийин ар бир мамлекеттик орган ички процесстерди жана кызматтарды санариптештирүүгө киришти. Анткен менен квалификациялуу кадрлардын жана ресурстардын жетишсиздигинен иш башаламан жүргүзүлдү. Биздин стратегиялык өнөктөш Россиянын бул жаатта чоң тажрыйбасы бар, алардан көптөгөн сунуштар келип түштү. Мамлекеттик органдардагы сервердик жабдуулар жана тармактар бири-биринен айырмаланып турат, ошондуктан аларды бир маалымат базасына бириктирүү кыйын. Ошентсе да бардыгын бир багытка коюу биздин милдет", — деди Жамангулов.
https://sputnik.kg/20250407/kyrgyzstan-familiya-kyzmat-mekemesi-1093169964.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/03/02/1073271698_143:0:1562:1064_1920x0_80_0_0_d82e651d33ac673b63e14c8891cc41cb.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, санариптештирүү, түндүк, санариптик өнүктүрүү министрлиги, азамат жамангулов, холдинг
кыргызстан, санариптештирүү, түндүк, санариптик өнүктүрүү министрлиги, азамат жамангулов, холдинг
БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Кыргызстанда "Түндүк" мамлекеттик мекемесинин базасында бирдиктүү улуттук холдинг түзүлөт. Бул тууралуу
Sputnik маалымат борборунда өткөн брифингде санариптик өнүктүрүү министри Азамат Жамангулов билдирди.
Анын айтымында, холдинг бардык мамлекеттик кызматтарды иштеп чыгуу, ишке ашыруу, координациялоо жана аларды бирдиктүү терезе аркылуу көрсөтүү менен алектенет.
"Президент санариптик трансформациялоонун алгачкы кадамдары тууралуу жарлыкка кол койгон. Документ мамлекеттик кызматтарды борборлоштурууну, холдинг түзүүнү жана Санариптик өнүктүрүү министрлигине кошумча функцияны, тагыраагы, спутниктик байланыш, жасалма интеллект жаатындагы саясатты иштеп чыгуу милдеттерин ыйгарууну карайт", — деди Жамангулов.
Ал белгилегендей, санариптештирүү жолунда алгач эле социалдык секторлордо реформалар жүргүзүлөт. Бул Билим берүү жана илим министрлиги менен Саламаттык сактоо министрлигине тиешелүү.
"Кыргызстанда санариптик трансформация жарыялангандан кийин ар бир мамлекеттик орган ички процесстерди жана кызматтарды санариптештирүүгө киришти. Анткен менен квалификациялуу кадрлардын жана ресурстардын жетишсиздигинен иш башаламан жүргүзүлдү. Биздин стратегиялык өнөктөш Россиянын бул жаатта чоң тажрыйбасы бар, алардан көптөгөн сунуштар келип түштү. Мамлекеттик органдардагы сервердик жабдуулар жана тармактар бири-биринен айырмаланып турат, ошондуктан аларды бир маалымат базасына бириктирүү кыйын. Ошентсе да бардыгын бир багытка коюу биздин милдет", — деди Жамангулов.