https://sputnik.kg/20250410/aleksey-krivoschyokov-kyrgyzstandan-chykkan-sovetter-soyuzunun-baatyry-1093231833.html
Алексей Кривощёков — Кыргызстандан аттанган Советтер Союзунун Баатыры
Алексей Кривощёков — Кыргызстандан аттанган Советтер Союзунун Баатыры
Sputnik Кыргызстан
Sputnik Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата майданда эрдик көрсөтүп Баатыр наамы ыйгарылган, Кыргызстандан согушка чакырылган каарман... 10.04.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-04-10T20:03+0600
2025-04-10T20:03+0600
2025-04-10T20:03+0600
ссср
улуу ата мекендик согуштагы жеңишке 80 жыл
кыргызстан
улуу ата мекендик согуш
сапер
эрдик
алексей кривощёков
https://sputnik.kg/img/07e9/04/0a/1093237643_0:208:720:613_1920x0_80_0_0_73b8288327bfd8784403c1450676bfd1.png
Алексей Кривощёков 1907-жылы 19-мартта Новониколаевскиде (азыркы Новосибирск) дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. 1929-жылы Калуга курулуш техникумун, 1932-жылы Новосибирск курулуш институтун аяктаган.1942-жылы Фрунзе облусунун Кант райондук (Кыргыз ССРи) аскер комиссариаты тарабынан Кызыл Армияга чакырылган. Согуш отун механизациялаштырган 19-корпустун 1-бригадасында сапер болуп жүрүп кечти.Кривощёков алгач катардагы жоокер болсо, кийин бөлүктү жетектеди. Кийинчерээк офицердик наамы болбосо да жөндөмдүү адисти сапердук взводдун командири кылып дайындашты. Калинин согушунда жүрүп, 1943-жылдын июль айынан тарта Степной, ал эми октябрь-декабрь ичинде 2-Украина фронтунда согушат. 1943-жылы эки ирет жаракат алат.Алескей Кривощёков Днепр дарыясынан өткөн учурда каармандыгы менен айырмаланат. Харьковдон алдыңкы күчтөр менен чабуул жасап келип, душмандын 2 315 минасын зыянсыздандырат. 1943-жылдын сентябрынын соңунда советтик аскерлер Украинадагы Мишурин Рог кыштагында дарыяга чыгышат. Суудан сүзүп өтчү атайын шаймандар жок болгондуктан колдо болгондорун: устундарды, тактайларды, челектерди колдонушкан. Мык тартыш болгондуктан жыгачтарды тилке-тилке кылып кесилген плащ-палаткалар менен байлашат.Иш асмандан жасалган чабуул жана пулемет, минометтук аткылоо учурунда жүргүзүлгөн. Анткен менен өтмөктү тез арада кура салышкан да, ал аркылуу Днепрдин батыш жээгине механизациялаштырылган 19-бригаданын болгон танкаларын, машиналарын жана арттан жетишип жетип келип калган күчтөрдү өткөрүшкөн. Өтмөктүн тез салынышы советтик аскерлердин күчтөрүн басып алынган плацдармга жайгаштырып, аны кеңейтүүгө жана кармап турууга мүмкүнчүлүк жаратып берген.СССРдин Жогорку Советинин президиумунун жарлыгы менен 1943-жылы 20-декабрда Днепрди ийгиликтүү кечип өткөнү, плацдармды бекемдегени жана андагы көрсөткөн эрдиги менен каармандыгы үчүн улук сержант Алексей Кривощёков Советтер Союзунун Баатыры наамына татыган. Андан сырткары, Ленин ордени, Алтын Жылдыз медалы ыйгарылган. Кийин Кызыл Туу жана эки ирет Кызыл Жылдыз ордени менен сыйланган.1944-жылы июнда механизациялаштырылган 1-корпус 1-Украин фронтунун курамына келип кирет. 24-июндан 15-июлга чейин Беларусь чабуулунда старшина Кривощёковдун взводу согуш оту алоолонгон жүздөгөн чакырымды басып өткөн. Жети көпүрө, сегиз өтмөк, ал тургай саздарга баш-аягы 10 чакырым жол куруп, токойлуу, саздуу жерлерде советтик аскерлердин чукул чабуулдарды жасашына шарт түзүп берген. Взводдун командири өзү 200 минаны зыянсыздандырган.1945-жылы кенже лейтенант Кривощёков инженердик-миналык ротанын командиринин орун басары болгон. 1945-жылы январдагы Висла-Одер операциясында эң мыкты жагынан өзүн көрсөтүп, баатырдыгы үчүн кезектеги орденди алууга жетишпей калган... 19-февралда душмандын асмандан урган соккусу анын өмүрүн кыйган.Сөөгү алгач Зольдин (Германия) кыштагынын жанына коюлган, кийинчэрээк аны Мыслибуж шаарындагы аскердик көрүстөнгө кайра көмүшкөн. Алексей Кривощёковдун ысымы майдандагы жоокерлердин — Новосибирск шаарындагы инженердик-курулуш институтунун окутуучуларынын жана бүтүрүүчүлөрүнүн эстелигине чегилген. Андан сырткары, Кыргызстандагы Ак-Түз жана Красная Речка айылдарындагы көчөлөргө ыйгарылган.Материал ачык маалыматтардын, КР Куралдуу күчтөрүнүн жана "Герои страны" сайтындагы материалдардын негизинде жазылды.
https://sputnik.kg/20250408/rukovoditel-rossotrudnichestva-evgeniy-primakov-1093151693.html
ссср
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/04/0a/1093237643_0:99:720:639_1920x0_80_0_0_8a9e8b5e02c556ec67cc0161d387fc53.pngSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
ссср, кыргызстан, улуу ата мекендик согуш, сапер, эрдик, алексей кривощёков
ссср, кыргызстан, улуу ата мекендик согуш, сапер, эрдик, алексей кривощёков
Алексей Кривощёков — Кыргызстандан аттанган Советтер Союзунун Баатыры
Sputnik Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата майданда эрдик көрсөтүп Баатыр наамы ыйгарылган, Кыргызстандан согушка чакырылган каарман жоокерлер боюнча баяндоосун улантат.
Алексей Кривощёков 1907-жылы 19-мартта Новониколаевскиде (азыркы Новосибирск) дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. 1929-жылы Калуга курулуш техникумун, 1932-жылы Новосибирск курулуш институтун аяктаган.
1942-жылы Фрунзе облусунун Кант райондук (Кыргыз ССРи) аскер комиссариаты тарабынан Кызыл Армияга чакырылган. Согуш отун механизациялаштырган 19-корпустун 1-бригадасында сапер болуп жүрүп кечти.
Кривощёков алгач катардагы жоокер болсо, кийин бөлүктү жетектеди. Кийинчерээк офицердик наамы болбосо да жөндөмдүү адисти сапердук взводдун командири кылып дайындашты. Калинин согушунда жүрүп, 1943-жылдын июль айынан тарта Степной, ал эми октябрь-декабрь ичинде 2-Украина фронтунда согушат. 1943-жылы эки ирет жаракат алат.
Алескей Кривощёков Днепр дарыясынан өткөн учурда каармандыгы менен айырмаланат. Харьковдон алдыңкы күчтөр менен чабуул жасап келип, душмандын 2 315 минасын зыянсыздандырат. 1943-жылдын сентябрынын соңунда советтик аскерлер Украинадагы Мишурин Рог кыштагында дарыяга чыгышат. Суудан сүзүп өтчү атайын шаймандар жок болгондуктан колдо болгондорун: устундарды, тактайларды, челектерди колдонушкан. Мык тартыш болгондуктан жыгачтарды тилке-тилке кылып кесилген плащ-палаткалар менен байлашат.
Иш асмандан жасалган чабуул жана пулемет, минометтук аткылоо учурунда жүргүзүлгөн. Анткен менен өтмөктү тез арада кура салышкан да, ал аркылуу Днепрдин батыш жээгине механизациялаштырылган 19-бригаданын болгон танкаларын, машиналарын жана арттан жетишип жетип келип калган күчтөрдү өткөрүшкөн. Өтмөктүн тез салынышы советтик аскерлердин күчтөрүн басып алынган плацдармга жайгаштырып, аны кеңейтүүгө жана кармап турууга мүмкүнчүлүк жаратып берген.
СССРдин Жогорку Советинин президиумунун жарлыгы менен 1943-жылы 20-декабрда Днепрди ийгиликтүү кечип өткөнү, плацдармды бекемдегени жана андагы көрсөткөн эрдиги менен каармандыгы үчүн улук сержант Алексей Кривощёков Советтер Союзунун Баатыры наамына татыган. Андан сырткары, Ленин ордени, Алтын Жылдыз медалы ыйгарылган. Кийин Кызыл Туу жана эки ирет Кызыл Жылдыз ордени менен сыйланган.
1944-жылы июнда механизациялаштырылган 1-корпус 1-Украин фронтунун курамына келип кирет. 24-июндан 15-июлга чейин Беларусь чабуулунда старшина Кривощёковдун взводу согуш оту алоолонгон жүздөгөн чакырымды басып өткөн. Жети көпүрө, сегиз өтмөк, ал тургай саздарга баш-аягы 10 чакырым жол куруп, токойлуу, саздуу жерлерде советтик аскерлердин чукул чабуулдарды жасашына шарт түзүп берген. Взводдун командири өзү 200 минаны зыянсыздандырган.
1945-жылы кенже лейтенант Кривощёков инженердик-миналык ротанын командиринин орун басары болгон. 1945-жылы январдагы Висла-Одер операциясында эң мыкты жагынан өзүн көрсөтүп, баатырдыгы үчүн кезектеги орденди алууга жетишпей калган... 19-февралда душмандын асмандан урган соккусу анын өмүрүн кыйган.
Сөөгү алгач Зольдин (Германия) кыштагынын жанына коюлган, кийинчэрээк аны Мыслибуж шаарындагы аскердик көрүстөнгө кайра көмүшкөн. Алексей Кривощёковдун ысымы майдандагы жоокерлердин — Новосибирск шаарындагы инженердик-курулуш институтунун окутуучуларынын жана бүтүрүүчүлөрүнүн эстелигине чегилген. Андан сырткары, Кыргызстандагы Ак-Түз жана Красная Речка айылдарындагы көчөлөргө ыйгарылган.
Материал ачык маалыматтардын, КР Куралдуу күчтөрүнүн жана "
Герои страны" сайтындагы материалдардын негизинде жазылды.