https://sputnik.kg/20250410/kyrgyzstan-akiykatchy-zombuluk-baldar-1093249551.html
Карылар үйүндө кароосуз калган балдар зомбулук көргөн. Акыйкатчынын реакциясы
Карылар үйүндө кароосуз калган балдар зомбулук көргөн. Акыйкатчынын реакциясы
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева мамлекеттик органдарды балдар үйүнүн тарбиялануучуларынын укуктарын жана коопсуздугун камсыздоого... 10.04.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-04-10T18:21+0600
2025-04-10T18:21+0600
2025-04-10T18:21+0600
кыргызстан
акыйкатчы
зомбулук
балдар үйү
укук
карылар үйү
https://sputnik.kg/img/102628/48/1026284840_0:0:2818:1586_1920x0_80_0_0_ab080bb47b300d64801845a505807d93.jpg
БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева мамлекеттик органдарды балдар үйүнүн тарбиялануучуларынын укуктарын жана коопсуздугун камсыздоого чакырды. Бул тууралуу аталган институттан кабарлашты.Түшүнүктүү болуш үчүн мекеме окуяны башынан баяндаган. Ага ылайык, былтыр июнда "Лотос" балдар үйүнүн чатырын шамал учуруп, балдар фостердик үй-бүлөгө көчүрүлгөн. Бирок ал жакта кышкы мезгилге шарт болбогондуктан ноябрда тогуз бала "Боорукердик" карылар үйүнө жайгаштырылган. Ал эми 28-мартта имарат берилип, "Лотостун" тарбиялануучулары карылар үйүнөн бөлүнүп чыккан.Балдар мына ошол "Боорукердик" карылар үйүндө жайгаштырылган кезде анын кызматкерлери тарабынан сабалып, зомбулукка кабылганын айтып чыгышкан. Видео соцтармактарда тарап, анда бир кыз сексуалдык ыдык көргөнүн айткан.Институттун кызматкерлери аталган мекемелерге барганда укук коргоо кызматкерлери жеринде иш алып барып жатышкан.Учурда бул окуя боюнча териштирүү жүрүп жатканы, жыйынтыгы менен укуктук баа берилери кошумчаланган.Мындан тышкары, Акыйкатчы институту "Боорукердик" мекемесинин короосунда дагы бир балдар үйү жайгашканын, анда 30га жакын бала тарбияланарын белгилеген.Ал эми Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жашы жете электер "Боорукердик" үй-интернатында жашап жаткан мезгилде ай сайын мониторинг жүргүзүлгөнүн жана балдарга карата зордук-зомбулук фактысы катталбаганын билдирген.
https://sputnik.kg/20250220/sadyr-zhaparov-miyzam-mayyp-1092181628.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/102628/48/1026284840_0:0:2732:2048_1920x0_80_0_0_522b0d0e6c6fc0df8ebad3d6b0938e8b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, акыйкатчы, зомбулук, балдар үйү, укук, карылар үйү
кыргызстан, акыйкатчы, зомбулук, балдар үйү, укук, карылар үйү
БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева мамлекеттик органдарды балдар үйүнүн тарбиялануучуларынын укуктарын жана коопсуздугун камсыздоого чакырды. Бул тууралуу аталган институттан кабарлашты.
Түшүнүктүү болуш үчүн мекеме окуяны башынан баяндаган. Ага ылайык, былтыр июнда "Лотос" балдар үйүнүн чатырын шамал учуруп, балдар фостердик үй-бүлөгө көчүрүлгөн. Бирок ал жакта кышкы мезгилге шарт болбогондуктан ноябрда тогуз бала "Боорукердик" карылар үйүнө жайгаштырылган. Ал эми 28-мартта имарат берилип, "Лотостун" тарбиялануучулары карылар үйүнөн бөлүнүп чыккан.
Балдар мына ошол "Боорукердик" карылар үйүндө жайгаштырылган кезде анын кызматкерлери тарабынан сабалып, зомбулукка кабылганын айтып чыгышкан. Видео соцтармактарда тарап, анда бир кыз сексуалдык ыдык көргөнүн айткан.
Институттун кызматкерлери аталган мекемелерге барганда укук коргоо кызматкерлери жеринде иш алып барып жатышкан.
"Кызга ыдык көрсөтүүгө шектелип жаткан карыя "Боорукердик" үйүндө былтыр 22-августтан бери жашайт. Үй-бүлөсү жана жашаган жери жок. Ал буга чейин соттолгон", — деп жазылган маалыматта.
Учурда бул окуя боюнча териштирүү жүрүп жатканы, жыйынтыгы менен укуктук баа берилери кошумчаланган.
Мындан тышкары, Акыйкатчы институту "Боорукердик" мекемесинин короосунда дагы бир балдар үйү жайгашканын, анда 30га жакын бала тарбияланарын белгилеген.
Ал эми Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жашы жете электер "Боорукердик" үй-интернатында жашап жаткан мезгилде ай сайын мониторинг жүргүзүлгөнүн жана балдарга карата зордук-зомбулук фактысы катталбаганын билдирген.