Москвада эл аралык евразиялык форум өтүүдө. Кыргызстандан ким катышып жатат
Москвада эл аралык евразиялык форум өтүүдө. Кыргызстандан ким катышып жатат
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Москвадагы "Россия" улуттук борборунда "Евразия — салттуу баалуулуктардын аймагы" аталышындагы эл аралык коомдук-ишкердик форум... 10.04.2025, Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Москвадагы "Россия" улуттук борборунда "Евразия — салттуу баалуулуктардын аймагы" аталышындагы эл аралык коомдук-ишкердик форум өтүүдө.Иш-чара "Евразия" автономдук коммерциялык эмес уюмунун бир жылдыгына арналган.КРСУнун маалымат кызматы кабарлагандай, форумга окуу жайдын ректорунун милдетин аткаруучу Сергей Волков катышып жатат. Ал "Евразиядагы билим берүү процессинин биримдиги" пленардык сессиясында сүйлөп, кесиптештери менен билим берүү системаларынын интеграциясын талкуулаган.Форум ар өлкөдөн келген 600дөй мамлекеттик ишмердин, министр, бизнесмен, билим берүүдөгү, маданияттагы лидерлердин, коомдук уюм өкүлдөрүнүн башын бириктирген. Катышуучулардын арасында "Евразия" уюмунун кеңешинин төрайымы Алена Аршинова, Россиянын илим жана жогорку билим берүү министринин орун басары Константин Могилевский, ошондой эле Кыргызстандын билим берүү жана илим министринин орун басары Альберт Махметкулов бар.Мамбетакулов кызматташуунун алкагында Кыргызстанда студенттер менен алмашуу программасы иштеп, бул асыресе Казакстан жана Россия менен ишке ашып жатканын айтып берген.Форумдун программасында панелдик талкуулар, эксперттик сессиялар, ачык дебаттар камтылган. Өзөктүү темалары: Евразия өлкөлөрүнүн маданий кодун сактоо, тарыхый чындыкты коргоо, евразиялык медиаөнөктөштүктү жана технологиялык суверенитетти өнүктүрүү.
БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Москвадагы "Россия" улуттук борборунда "Евразия — салттуу баалуулуктардын аймагы" аталышындагы эл аралык коомдук-ишкердик форум өтүүдө.
Иш-чара "Евразия" автономдук коммерциялык эмес уюмунун бир жылдыгына арналган.
КРСУнун маалымат кызматы кабарлагандай, форумга окуу жайдын ректорунун милдетин аткаруучу Сергей Волков катышып жатат. Ал "Евразиядагы билим берүү процессинин биримдиги" пленардык сессиясында сүйлөп, кесиптештери менен билим берүү системаларынын интеграциясын талкуулаган.
Форум ар өлкөдөн келген 600дөй мамлекеттик ишмердин, министр, бизнесмен, билим берүүдөгү, маданияттагы лидерлердин, коомдук уюм өкүлдөрүнүн башын бириктирген. Катышуучулардын арасында "Евразия" уюмунун кеңешинин төрайымы Алена Аршинова, Россиянын илим жана жогорку билим берүү министринин орун басары Константин Могилевский, ошондой эле Кыргызстандын билим берүү жана илим министринин орун басары Альберт Махметкулов бар.
КРСУнун маалымат кызматы кабарлагандай, форумга окуу жайдын ректорунун милдетин аткаруучу Сергей Волков катышып жатат
Мамбетакулов кызматташуунун алкагында Кыргызстанда студенттер менен алмашуу программасы иштеп, бул асыресе Казакстан жана Россия менен ишке ашып жатканын айтып берген.
"Программа боюнча башка мамлекеттер менен кызматташуу зарыл экенин көрүп жатабыз. Жакын арада Кыргызстанда россиялык тогуз мектеп салынып, андан кийин КРСУнун инфраструктурасын өнүктүрүү каралган. Мунун баары көптөгөн билим берүүчү жана социалдык долбоорлорду ишке ашырууга өбөлгө болуп берет деген ишеним чоң", — деди ал.
Форумдун программасында панелдик талкуулар, эксперттик сессиялар, ачык дебаттар камтылган. Өзөктүү темалары: Евразия өлкөлөрүнүн маданий кодун сактоо, тарыхый чындыкты коргоо, евразиялык медиаөнөктөштүктү жана технологиялык суверенитетти өнүктүрүү.