https://sputnik.kg/20250410/odessany-kutkarylyshyna-81-zhyl-1093244878.html
Белден келген баткак, көкүрөккө чейин жеткен шыргалаң суу. Тарыхый видео
Белден келген баткак, көкүрөккө чейин жеткен шыргалаң суу. Тарыхый видео
Sputnik Кыргызстан
Мындан 81 жыл мурда, гүлдөп турган жаз маалында, дал ушул күнү советтик генерал Родион Малиновскийдин жетекчилиги менен 3-Украина фронту немецтик-румындык... 10.04.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-04-10T19:04+0600
2025-04-10T19:04+0600
2025-04-10T19:04+0600
ссср
улуу ата мекендик согуш
одесса
советтик армия
жоокер
видео
https://sputnik.kg/img/07e9/04/0a/1093247332_0:219:1000:782_1920x0_80_0_0_77cd0568f347f1fcc8a5ff489f04f454.jpg
Ал күндөрү жоокерлердин аккан каны, чыккан жаны жана тирүү калгандардын эрдиги менен шаардагы опера театрынын имаратына советтик кызыл байрак илинген.Украинанын кооз жана жашыл шаарын бошотууга көп улуттун өкүлдөрү катышкан. Бир топ бөлүктөр менен жоокерлер орден, медалдарга татыган. Өзгөчөлөнгөн 27 аскерге ардактуу наамдар берилген.Бул кармашта адамдарды таң калтырган жана эрдикке шыктандырган учурлар арбын болгон. Алардын бири — азыркыга чейин аңыз болуп айтылып калган тестиердин баяны. Легендалуу жоокер, Аба-десанттык күчтөрдүн жетекчиси Василий Маргеловго байланышкан окуя. Согуштук операциянын жүрүшүндө ал 49-гвардиялык аткычтар дивизиясын башкарган. Одесса согушунда Василий Маргеловдун 12 жаштагы уулу Геннадий (кийин генерал-майор болгон) да "катышкан". Бала үй-бүлөсүнө кабарлабай согушка качып кетип, атасынын дивизиясына туш болгону айтылып келет. Баласын бул өнөрү үчүн атасы үч күнгө "темир торго камап коюп", андан соң Тамбов шаарындагы Суворов училищесине жөнөткөн экен.
ссср
одесса
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/04/0a/1093247332_0:126:1000:876_1920x0_80_0_0_34e4c0cedcd83175513ed504c7718f61.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
ссср, улуу ата мекендик согуш, одесса, советтик армия, жоокер, видео, видео
ссср, улуу ата мекендик согуш, одесса, советтик армия, жоокер, видео, видео
Белден келген баткак, көкүрөккө чейин жеткен шыргалаң суу. Тарыхый видео
Мындан 81 жыл мурда, гүлдөп турган жаз маалында, дал ушул күнү советтик генерал Родион Малиновскийдин жетекчилиги менен 3-Украина фронту немецтик-румындык баскынчыларды сүрүп чыгарып, Одесса шаарын тазалаган.
Ал күндөрү жоокерлердин аккан каны, чыккан жаны жана тирүү калгандардын эрдиги менен шаардагы опера театрынын имаратына советтик кызыл байрак илинген.
"Алдыда Одесса!" ураанынын таасири өзгөчө эле, жоокерлер белине чейин баткакка батып, көкүрөккө жеткен шыргалаң сууну жиреп согушкан", — деп жазган маршал Василий Чуйков эскерүүлөрүндө.
Украинанын кооз жана жашыл шаарын бошотууга көп улуттун өкүлдөрү катышкан. Бир топ бөлүктөр менен жоокерлер орден, медалдарга татыган. Өзгөчөлөнгөн 27 аскерге ардактуу наамдар берилген.
Бул кармашта адамдарды таң калтырган жана эрдикке шыктандырган учурлар арбын болгон. Алардын бири — азыркыга чейин аңыз болуп айтылып калган тестиердин баяны. Легендалуу жоокер, Аба-десанттык күчтөрдүн жетекчиси Василий Маргеловго байланышкан окуя. Согуштук операциянын жүрүшүндө ал 49-гвардиялык аткычтар дивизиясын башкарган. Одесса согушунда Василий Маргеловдун 12 жаштагы уулу Геннадий (кийин генерал-майор болгон) да "катышкан". Бала үй-бүлөсүнө кабарлабай согушка качып кетип, атасынын дивизиясына туш болгону айтылып келет. Баласын бул өнөрү үчүн атасы үч күнгө "темир торго камап коюп", андан соң Тамбов шаарындагы Суворов училищесине жөнөткөн экен.