https://sputnik.kg/20250410/tim-rossiya-migrant-baldar-test-tapshyrat-1093239351.html
ТИМ Россиядагы мигранттардын балдары мектепке кирерде тест тапшырарын эскертти
ТИМ Россиядагы мигранттардын балдары мектепке кирерде тест тапшырарын эскертти
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Россиянын билим берүү жөнүндөгү мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөр 2025-жылдын 1-апрелинен тарта күчүнө киргенин Кыргызстандын Тышкы... 10.04.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-04-10T13:52+0600
2025-04-10T13:52+0600
2025-04-10T14:27+0600
кыргызстан
россия
эмгек мигранттары
мектеп
балдар
тим
мигранттар
https://sputnik.kg/img/103623/82/1036238259_0:164:3059:1885_1920x0_80_0_0_0309641cf1d8fba8adb346bb38e25375.jpg
БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Россиянын билим берүү жөнүндөгү мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөр 2025-жылдын 1-апрелинен тарта күчүнө киргенин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги эскертти.Экзамен оозеки жана жазма түрдө болуп, акысыз жүргүзүлөт. Биринчи класска кире турган балдар оозеки гана сынактан өтөт. Мунун баары аудио жана видеокөзөмөлгө жазылат.Сыноодон өтпөй калгандар үч айдан кийин гана кайра тапшыра алат.Тесттен өтүү үчүн керектүү документтердин тизмеси:
https://sputnik.kg/20250407/rfte-ishtey-turchu-migranttardan-ekzamen-alynyshy-mumkun-1093171123.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103623/82/1036238259_165:0:2896:2048_1920x0_80_0_0_79e8ee382ae7ddf55685fc556ba7d3ac.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, россия, эмгек мигранттары, мектеп, балдар, тим, мигранттар
кыргызстан, россия, эмгек мигранттары, мектеп, балдар, тим, мигранттар
ТИМ Россиядагы мигранттардын балдары мектепке кирерде тест тапшырарын эскертти
13:52 10.04.2025 (Жаңыртылды: 14:27 10.04.2025) БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Россиянын билим берүү жөнүндөгү мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөр 2025-жылдын 1-апрелинен тарта күчүнө киргенин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги эскертти.
Экзамен оозеки жана жазма түрдө болуп, акысыз жүргүзүлөт. Биринчи класска кире турган балдар оозеки гана сынактан өтөт. Мунун баары аудио жана видеокөзөмөлгө жазылат.
Сыноодон өтпөй калгандар үч айдан кийин гана кайра тапшыра алат.
Тесттен өтүү үчүн керектүү документтердин тизмеси:
арыз ээсинин (ээлеринин) бала менен туугандыгын же баланын укуктарынын өкүлчүлүгүнүн мыйзамдуулугун ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
баланын жана анын мыйзамдуу өкүлүнүн (өкүлдөрүнүн) Россия Федерациясынын аймагында жүрүүсүнүн мыйзамдуулугун ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
баланын мамлекеттик дактилоскопиялык каттоодон өткөндүгүн ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
баланын өздүгүн тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү;
ата-энесинин (мыйзамдуу өкүлүнүн же өкүлдөрүнүн), салык төлөөчүнүн идентификациялык номери;
жеке жактын камсыздандыруучу эсеп номери (СНИЛС) (эгерде болсо), ошондой эле жеке жактын камсыздандыруучу эсеп номери (СНИЛС) (эгерде болсо) ыйгарылганын ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
баланын башкаларга коркунуч туудурган жугуштуу оорулары жоктугу жөнүндө медициналык корутунду;
ата-эненин (мыйзамдуу өкүлдүн) эмгектенгендигин ырастаган документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо).