https://sputnik.kg/20250411/dmitriy-pichugin-kyrgyzstandan-chykkan-sovetter-soyuzunun-baatyry-1093258085.html
Дмитрий Пичугин — Кыргызстандан аттанган Советтер Союзунун Баатыры
Дмитрий Пичугин — Кыргызстандан аттанган Советтер Союзунун Баатыры
Sputnik Кыргызстан
Sputnik Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата майданда эрдик көрсөтүп Баатыр наамы ыйгарылган, Кыргызстандан аттанган каарман жоокерлер... 11.04.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-04-11T20:05+0600
2025-04-11T20:05+0600
2025-04-13T10:29+0600
кыргызстан
улуу ата мекендик согуштагы жеңишке 80 жыл
ссср
улуу ата мекендик согуш
эрдик
чалгынчы
дмитрий пичугин
https://sputnik.kg/img/07e9/03/16/1092815130_0:382:720:787_1920x0_80_0_0_b0325b28e772ef3797ca75a1591457b1.png
Улук лейтенант Дмитрий Пичугин1907-жылы Новосибирск облусуна караштуу Колыван районунун Вьюны айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө жарыкка келген. 1920-жылы Кызыл Армияда кызмат кылып, андан соң демобилизация болот. Кайтып келип, 9-классты аяктайт да, Новосибирскидеги партиялык мектепке кирет. Андан кийин аталган аймактагы комсомолдук органдарда иштеген. 1939-жылдары кайрадан армияга чакырылып, кызмат өтөп келген соң үй-бүлөсү менен Кыргызстанга көчүп келип, Аламүдүн районунда киномеханик болуп эмгектене баштайт. 1939-жылы кайрадан Кызыл Армияга чакырылып, совет-фин согушуна катышат.Пичугин 1941-жылы кайрадан армияга аттанып, июль айынан тарта Улуу Ата Мекендик согуштун отун кечет. Чалгынчы болуп 1942-жылга чейин Кыргыз ССРинде түптөлгөн 385-аткычтар дивизиясынын 1266-полкунда кызмат өтөп, Батыш фронтунда жүрөт. Москванын алдындагы кармашка катышат.1943-1944-жылдары (Батыш фронту) 215-аткычтар дивизиясынын 618-полкунда кызмат кылат. 1944-жылдын февралында госпиталга жатып дарыланып, майданга кайтып келет. Июнь айында 2-Беларусь фронтундагы 49-армиянын 44-полкунун чалгын взводун жетектейт. Могилев облусун бошотууда өзгөчө каармандыгын көрсөткөн. 1944-жылы 26-июнда Пичугин Добрейка кыштагынын (Беларусь) жанында Днепр дайрасынан сүзүп өтүп, батыш жээктеги душмандын коргонуусун чалгындап, андан ары терең кирип жогорку кызматтагы гитлерчилерди туткундап кайтат.Эки күндөн кийин, 28-июнда, Пичугин Могилев — Шклов шоссесинде чалгынчылар тобун жектектеп, душмандын үч машинасын аскери менен кошо жок кылат. Андан сырткары, маанилүү документ алып жүргөн офицерди кармап кетет. Ошол кармашта Пичугин жана анын жолдошторунун баары жарадар болгон. Чегингенде топ курчоодо калып, бактыга жараша, жете келген аскердик күчтөр аларды куткарып алган.Согуш жылдары чалгынчы баш-аягы төрт ирет жаракат алып, майдандагы сапарын Берлинде аяктаган.1945-жылы 24-мартта СССРдин Жогорку Советинин президиумунун жарлыгы менен командачылыктын тапшырмасын үлгүлүү аткаргандыгы, көрсөткөн эрдиги менен каармандыгы үчүн Дмитрий Пичугинге Советтер Союзунун Баатыры наамы жана Ленин ордени, Алтын Жылдыз медалы ыйгарылган. Мындан сырткары, II даражадагы Улуу Ата Мекендик согуш, Кызыл Жылдыз ордендери, бир катар медалдар менен сыйланган.1946-жылы январда улук лейтенант Пичугин запаска бошотулат. Согуштан кийин Ош шаарында жашап, иштейт. 1947-жылы узакка созулган оорудан улам көз жумат. Сөөгү Ош шаарына коюлат. Анын ысымы көчөгө берилип, элесине арналган эстелик коюлат. Өзү туулган Колыванда анын ысымында парк жана Новосибирскиде маданият үйү бар.Материал ачык маалыматтардын, КР Куралдуу күчтөрүнүн жана "Герои страны" сайтындагы материалдардын негизинде жазылды.
https://sputnik.kg/20250409/yevgeniy-mikhaylenko-kyrgyzstandan-chykkan-sovetter-soyuzunun-baatyry-1093205960.html
ссср
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/03/16/1092815130_0:294:720:834_1920x0_80_0_0_59779d1d6533afada0553dd04c2c937e.pngSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, ссср, улуу ата мекендик согуш, эрдик, чалгынчы, дмитрий пичугин
кыргызстан, ссср, улуу ата мекендик согуш, эрдик, чалгынчы, дмитрий пичугин
Дмитрий Пичугин — Кыргызстандан аттанган Советтер Союзунун Баатыры
20:05 11.04.2025 (Жаңыртылды: 10:29 13.04.2025) Sputnik Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата майданда эрдик көрсөтүп Баатыр наамы ыйгарылган, Кыргызстандан аттанган каарман жоокерлер тууралуу баяндоосун улантат.
Улук лейтенант Дмитрий Пичугин
1907-жылы Новосибирск облусуна караштуу Колыван районунун Вьюны айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө жарыкка келген. 1920-жылы Кызыл Армияда кызмат кылып, андан соң демобилизация болот. Кайтып келип, 9-классты аяктайт да, Новосибирскидеги партиялык мектепке кирет. Андан кийин аталган аймактагы комсомолдук органдарда иштеген. 1939-жылдары кайрадан армияга чакырылып, кызмат өтөп келген соң үй-бүлөсү менен Кыргызстанга көчүп келип, Аламүдүн районунда киномеханик болуп эмгектене баштайт. 1939-жылы кайрадан Кызыл Армияга чакырылып, совет-фин согушуна катышат.
Пичугин 1941-жылы кайрадан армияга аттанып, июль айынан тарта Улуу Ата Мекендик согуштун отун кечет. Чалгынчы болуп 1942-жылга чейин Кыргыз ССРинде түптөлгөн 385-аткычтар дивизиясынын 1266-полкунда кызмат өтөп, Батыш фронтунда жүрөт. Москванын алдындагы кармашка катышат.
1943-1944-жылдары (Батыш фронту) 215-аткычтар дивизиясынын 618-полкунда кызмат кылат. 1944-жылдын февралында госпиталга жатып дарыланып, майданга кайтып келет. Июнь айында 2-Беларусь фронтундагы 49-армиянын 44-полкунун чалгын взводун жетектейт. Могилев облусун бошотууда өзгөчө каармандыгын көрсөткөн. 1944-жылы 26-июнда Пичугин Добрейка кыштагынын (Беларусь) жанында Днепр дайрасынан сүзүп өтүп, батыш жээктеги душмандын коргонуусун чалгындап, андан ары терең кирип жогорку кызматтагы гитлерчилерди туткундап кайтат.
Эки күндөн кийин, 28-июнда, Пичугин Могилев — Шклов шоссесинде чалгынчылар тобун жектектеп, душмандын үч машинасын аскери менен кошо жок кылат. Андан сырткары, маанилүү документ алып жүргөн офицерди кармап кетет. Ошол кармашта Пичугин жана анын жолдошторунун баары жарадар болгон. Чегингенде топ курчоодо калып, бактыга жараша, жете келген аскердик күчтөр аларды куткарып алган.
Согуш жылдары чалгынчы баш-аягы төрт ирет жаракат алып, майдандагы сапарын Берлинде аяктаган.
1945-жылы 24-мартта СССРдин Жогорку Советинин президиумунун жарлыгы менен командачылыктын тапшырмасын үлгүлүү аткаргандыгы, көрсөткөн эрдиги менен каармандыгы үчүн Дмитрий Пичугинге Советтер Союзунун Баатыры наамы жана Ленин ордени, Алтын Жылдыз медалы ыйгарылган. Мындан сырткары, II даражадагы Улуу Ата Мекендик согуш, Кызыл Жылдыз ордендери, бир катар медалдар менен сыйланган.
1946-жылы январда улук лейтенант Пичугин запаска бошотулат. Согуштан кийин Ош шаарында жашап, иштейт. 1947-жылы узакка созулган оорудан улам көз жумат. Сөөгү Ош шаарына коюлат. Анын ысымы көчөгө берилип, элесине арналган эстелик коюлат. Өзү туулган Колыванда анын ысымында парк жана Новосибирскиде маданият үйү бар.
Материал ачык маалыматтардын, КР Куралдуу күчтөрүнүн жана "
Герои страны" сайтындагы материалдардын негизинде жазылды.